Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ош шаарында «Агроэкспо: Жибек жолу 2004» айыл чарба көргөзмөсү ачылды


ОШ. Жарманке көргөзмө Борбордук Азия, Орусия, Европа өлкөлөрүнөн келишкен кырктан ашуун компаниялардын, айыл чарба, кайра иштетүү боюнча мекеме, уюмдардын катышуусу менен өтүп жатат. Көргөзмөгө айыл чарба өсүмдүктөрдүн кеңири түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары, айыл чарба жабдуулары, жогорку сапаттагы уруктар, жер семирткичтер жана башка айыл чарба товарлары коюлган. Жарманкенин жүрүшүндө эл аралык деңгээлдеги эксперттер дыйкандарга айыл чарбасындагы жаңы усулдар боюнча тематикалык окуу семинарларды өткөрүшүүдө. Мындан сырткары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын агро ишкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусуна багытталган атайын жолугушуулар уюштурулду. Эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан бул иш чарага коңшулаш өлкөлөрдүн аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү да катышууда. Уюштуруу тобунун маалыматына караганда, жарманке көргөзмө үч күнгө созулуп, анын катышуучуларынын арасынан эң мыкты айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG