Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Мыйзам чыгаруу теске салынат


БИШКЕК. Кыргыз президентинин администрациясында маалымат-аналитикалык топ түзүлдү. Ал инвестиция жана соода-экономика тармагында мыйзам чыгарууну турукташтыруу жана иш-аракеттерди бири-бирине айкалыштыруу максаты менен түзүлдү. Топтун башкы милдети-мыйзамдарды мониторингден өткөрүп, алардын президенттин жардык, буйруктары менен дал келишин талдоо,аны менен президентт, чет элдик инвестициялар боюнча Консультативдик кеңешти кабардар кылып туруу жана даярдалып жаткан мыйзамдардын талкуусуна коомчулукту катыштыруу. Ушундан улам топко даярдалып жаткан мыйзамдар тууралуу бардык министрлик, мекемелерден маалымат алуу,эл аралык донор уюмдар менен жолугушуу, талкууларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү даярдоо укугу берилди.

XS
SM
MD
LG