Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

Айтматов Брюсселге барат


БИШКЕК. 9-декабрда Брюссель шаарында НАТО уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Жыйында Борбор Азия, Кавказдагы коопсуздук маселеси талкууланып, регионалдык жана эл аралык деңгээлде кызматташуу жөнүндө сөз болот. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстан НАТО уюму менен Тынчтык үчүн кызматташтык программасынын алкагында кызматташып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG