Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

ЭВФтин миссиясы келет


БИШКЕК. 7-18-декабрда Кыргызстанда Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы иштейт. Миссияны валюта корунун жооптуу кызматкери Тапио Саавалайнен жетектейт. Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Саавалайнен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, келерки жылга бюджет долбоору боюнча пикир алмашат. Ошондой эле 2001-жылы түзүлгөн үч жылдык программа жыйынтыкталып, жаңыдан ошондой программа түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG