Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Укук коргоочунун ден соолугунун абалын жергиликтүү дарыгерлер аныктай албайбы?


Турсунбек Акундун ден соолугун Россиялык, Казакстандык же алыскы чет өлкөлүк көз карандысыз дарыгерлердин текшерип чыгуусуна «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму аракет жасайт. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 2-декабрда кечинде билдирди. Анын айтымында, Аүйдөн көз каранды болгон жергиликтүү дарыгерлер Турсунбек Акундун абалын иликтеп, туура диагнозун кое албайт. «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев да жергиликтүү дарыгерлер Турсунбек Акундун дартын так аныктоого даабасын билдирип, бирок аны психоневрологиялык ооруканага жөнөтүү тууралуу аракетти четке кагаарын белгиледи. Бишкектеги Травматология жана ортопедия ооруканасынын башкы дарыгери Турсунбек Акундун абалы канааттандырарлык экендигин билдирип, анын ооруканада жатуусуна негиз жок экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG