Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

АМЕРИКАЛЫК СЕНАТОР БУУнун БАШ КАТЧЫСЫН КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ ҮНДӨДҮ


БУУда Ирак мунайын азык-түлүккө айырбаштоо программасына байланышкан жаңжал уланууда. Иликтөө тобун жетектеген АКШлык сенатор Норм Колеман баш катчыны кызматынан кетүүгө үндөдү. Аннан көз карандысыз комиссиянын жыйынтыктарын күтүп, отставкага кетпей турганын билдирди. Буш администрациясынын сенатордун комментарияларына кошулбай тургандай түрү бар. Бирок массалык маалымат каражаттары уюмдун абройнуа шек келтирген окуяга абдан чоң көңүл буруп келатышат.

Шаршембиде “Уол Стриит Жорнэл” гезитинде жарык көргөн макалада сенатор Колеман “БУУнун тарыхындагы эң чоң көз боемочулук” үчүн жоопкерчилик Аннанга жүктөлөт деген пиикрин ортого салды. Республикачыл сенатор Иракка багытталган гуманитардык программадагы мыйзам бузууларды териштирген топту жетектейт.

Колеманга жооп кайтарып, БУУнун басма сөз өкүлү Фред Экхард Аннан кызматынан чегинбейт, баш катчы уюмду реформалоо жана башка демилгелерин уланта бермекчи деп билдирди:

- Аннан бир дагы мүчө-мамлекеттен отставка жөнүндө сунуш уккан жок. Эгерде маселе кулуарларда талкууланып жатса, менимче, бул жакшы жышаана. Нормалдуу дебаттар боло берет. Бирок баш катчы өз ишин улантып, кызмат мөөнөтүнүн аягына калган дагы эки жыл бир ай баш катчы кызматын аркалоону көздөөдө.

Сенатордун чакырыктарынан кийин уюмдун айрым кызматкерлери жетекчисинин таламын талаша башташты. Коопсуздук кеңешин реформалоо маселеси талкууланган жыйында болсо бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Аргентина, Колумбия, Алжир, Египет, Италия, Түркия жана башкалар, баш катчыга өз колдоосун билдишити.

Сенатор Колемандын комиссиясы Саддам Хусейндин өкмөтүнө мыйзамсыз фонддон 20 миллиард доллар түшкөнүн далилдеген фактылар бар экенин ырастап жатат. Иликтөөчүлөрдүн айтымында, мындай мыйзам бузуу көзөмөлдүн жоктугунан келип чыккан. Улуттар уюму өз алдынча тергөөсү аяктамайынча Конгресстин тобуна айрым документтерди берүүдөн баш тартып, жогорку кызматкерлердин комиссиянын суроолоруна жооп берүүсүнө тыюу салды.
БУУнун иликтөөчүлөрү өз ишин январь айында аяктайт деп болжолдонууда.

АКШдагы Херитэйж фондунун эксперти Нил Гардинер Аннан тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбай, кызматынан чегинүүгө тийиш деп эсептейт:

- Саддам Хусейн мунайды кимге сатып, кимден гуманитардык азык-түлүк импорттош керектигин өзү чеччү. Уюмдун жетекчиси Хусейндин эбегейсиз бйилигин чектөөгө кудуреттүү эле.

Бир катар байкоочулар болос мындай айыптоолорго макул эмес.

- Бул программага көптөгөн башка кишилердин да тиешеси бар. Алардын кимиси эмне үчүн жооп бергени аныкталууга тийиш, - деген ойдоАКШдагы көз карандысыз саясий институттун өкүлү Лоуренс Вуучер.

“Мунай үчүн азык-түлүк” программасы 1996-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган. Ал кезде Иракка каршы киргизилген эл аралык санкция күчүндө болчу.

Долбоор Багдад мунайын сатып, андан түшкөн каражатты эң керектүү тамак-аш, дары-дармекке жумшасын деген максат менен киргизилген. Ирак өкмөтү кара майды кимге сатыш керектигин өзү тандачу. БУУнун катчылыгына административдик, ал эми Коопсуздук кеңешине көзөмөлдөөчү роль ыйгарылган.
Бирок Саддам программаны манипуляциялап, мунайды жең ичинен сатып, жогорку кызматтагы адамдарды коррупциялаганга жетишкен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели шаршембиде Аннанды отставкага кетирүү демилгеси жөнүндө суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.
Бирок анын айтымында, БУУнун жетекчилиги иликтөө комиссиясын колдоп, аны менен кызматташууда.

Баса, ушул аптада баш катчынын баласы Кожонун эсебине “мунай үчүн азык-түлүк” программасынынын алкагында Иракка жиберилчү прдукцияны текшерген фирмадан акча түшүп турганы ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG