Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

УКУК КОРГООЧУ ТУРСУНБЕК АКУНДУ УУРДОО БОЛГОНБУ? ЖЕ…


Бүгүн Бишкекте 15 күн дайынсыз жоголуп, кайра табылган укук коргоочу Турсунбек Акундун табылышына байланыштуу маалымат жыйындары өттү. Алгач УККынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов, ИИМдин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов, травмотология жана ортопедия институтунун башкы дарыгери Жаныш Сулайманов жана башка күч органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтcө,андан соң Турсунбек Акундун жактоочулары Элдик патриоттук кыймылдын жетекчиси Нурлан Мотуев, адам укугун жана эркиндигин коргоо институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынын өткөрдү.

УКК жана ИИМ өкүлдөрү 1-декабрда укук коргоочу келип түшкөн оорукананын башкы дарыгери менен кошо өткөргөн маалымат жыйынында жалпысынан Турсунбек Акундун табылганы тууралуу жана анын саламаттыгы тууралуу айтылды. Укук коргоочу келип түшкөн травматология жана ортопедия институтунун ооруканасынын башкы дарыгери Жаныш Сулаймановдун айтымында Турсунбек Акундун абалы жакшы:

- Бүгүн эртең менен дагы алты дарыгер менен кошо барып көрдүк. Бардыгы жайында, ички органдарынын баары жакшынакай иштеп жатат. Ошондуктан аны бизде кармоого эч кандай көрсөтмө жок.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов укук коргоочунун 15 күн дайынсыз жоголуп, кайра табылганын кандайдыр бир саясий оюн деп баалады:

- Мен мындан бир нече күн мурун айткан сөзүмдү дагы кайталайм: бул болуп өткөн окуя жөн гана УКК ны жана ИИМди күнөөлөө максатында ойнолгон спектакль. Кандай болгон күндө да Турсунбек Акундун коомчулуктун көңүлүн минтип бурууга кылган аракети таптакыр жөнсүз.

Ушундай эле пикирди ИИМ дин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов да айтты. Анын сөзү боюнча бул-«ийгиликсиз коюлган оюн» жана анын артында дагы башка бирөөлөр бар:

Мен айтар элем, бул -атайын уюшулган саясий оюн. Бирок ошол оюнду койгон режиссерлордун каталыктары көрүнүп турат.
-Сиздин оюңузча режиссер ким болуусу мүмкүн?
-Аны мен эмес, тергөө органдары издейт
.

Ал эми «Адам укугун жана эркиндигин коргоо» институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев бул пикирлерди «Бийликтин алдын ала актануусу» деп баалады:

- Алардын ошентип айтып жатканын мен күн мурунтан эле актануу далалаты деп билем. Соттун биротоло чечими болмоюнча, эч кимди кылмышкер деп айтууга укугубуз жок. Ал эми Турсунбекти баарын өзү уюштурган, өзү күнөөлүү деп айтып, кылмышкер деп атышат.

Ал теңирден тескери болгон, укук коргоочуну бийлик адамдары, башкача айтканда укук коргоочу өзү айткандай УКК нын кызматкерлери уурдап кетип, кыйноого алып, кармап жаткандыгы тууралуу пикир кийинки маалымат жыйынында билдирди. Топчубек Тургуналиевдин оюн ошондой эле Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Клара Ажыбекова да бекемдеди.:

- Мен да ойлойм: чындыгында бул сценарийди түзгөн адамдар мурунтан эле баарын ойлоп коюшкан. Эгерде бул максаты ишке ашпаса, дагы кармана турган иштер бар. Эртең эле «Турсунбек Акун өзүн-өзү элге дагы тааныткысы келген, анан дагы жалганчы, бирөөнүн акчасын алып соттон качып жүрөт» деп эптеп айыпка жыгуу үчүн мурунтан жакшылап ойлонуп коюшкан.

Турсунбек Акун менен кошо Элдик патриоттук кыймылды негиздегендердин бири - Нурлан Мотуевдин айтуусунда мунун баарын жасаган-бийлик. Бийлик президент Аскар Акаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу кол топтоонун жүрүшүнөн чочулап ушуга барган:

- Иштин баары биздин президент Акаевге ишеним көрсөтпөө туурасында элден кол чогултуу акциябыздан башталган. Анткени бийлик көргөн, биздин акциябыз эл тарабынан кандай колдоого алынып жаткандыгын. Ошондуктан Турсунбек Акунду кармап барып, ушундай иштерди жасап жатышат, - дейт Нурлан Мотуев.

Укук коргоочу Турсунбек Акун учурда ооруканада жатат. Анын жанында карап отурган жубайы Гүлмира Жапар кызынын айтуусунда укук коргоочунун абалы оор:

- Жолдошумдун абалы дале оор. Саара кыла элек кечээтен бери. Дарыгерлерге айтсак, жасалма саара кылдырабыз дешти. Дарыгерлер Турсунбекти башка ооруканага алып баргыла деп, мен жокто инисине айтышыптыр.

Ал эми биз сөзгө тарткан Турсунбек Акун эки күндөн бери ооруканада УККы «бийлик жүргүзүп» жаткандыгы тууралуу айтты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG