Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

«ЧАКАН ГЭСтин» ЧОҢ ЧЫРЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Акыркы кезде өкмөт менен депутаттардын ортосунда ишканаларды менчиктештирүүгө байланыштуу маселелер боюнча көп пикир келишпестик келип чыгууда. Жакында «Чакан ГЭС» долбооруна кирген ишканаларды менчиктештирүүгө байланыштуу дагы бир чыр чыкты. Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары аны менчиктештирүү туура жүргүзүлгөн эмес деп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетининин «Чакан ГЭСти» «Поуер инжиниринг ЛТД» аттуу компанияга сатуу тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда.

Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Валерий Дилдин айтымында, Аламүдүн дарыясына мурда курулуп, азыр иштебей турган 8 чакан ГЭСти кайрадан иштетүү тууралуу долбоор түзүлүп, адардын 60% акциясын сатуу боюнча тендер өткөрүлөт. Тендерди германиялык « Азия полиметалл» аттуу консерциум утуп алат. Валерий Дилдин айтымында, аталган консерциум ишканалардын жарым акчасын төлөп, калганын мына төлөйм деп турганда Мамлекеттик мүлктү башкаруу комиети аны башка компанияга сатып жиберет. Депутат «Чакан ГЭС» мыйзам бузуу менен сатылды деп эсептейт:

-Мыйзам бузуу анын тендер жарыяланбай сатышында турат, – деди Валерий Диль биз менен болгон маегинде.

Ал аталган консерциум «Фихнер» аттуу кеңеш берүүчү компанияга 370 миң доллар акча төлөп, ГЭСтерди кайра куруунун долбоорун түздүргөндүгүн, ал акчалар талаага кеткендигин билдирди. Депутаттын билдирүүсүнө караганда, немистер 14 млн евро инвестиция салганы жатышкан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетиндегилер болсо «консерциум акчаны өз убагында төлөгөн жок,ошол себептен биз аны башка компанияга сатууга аргасыз болдук» дешет:

- Алар бизге кепилдик үчүн алынуучу акчаны гана төлөштү. Калган сумманы төлөө мөөнөтү бүткөнчө төлөшкөн жок, – деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалымат катчысы Татьяна Наговицина, биз Валерий Дилдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүүнү өтүнүп кайрылганыбызда.

Валерий Диль «кеп акчанын качан төлөнүшүндө эмес болчу, аларды сатып бирөөлөр пайда көргүсү келип жатат» дейт:

- Алгач биз менен түзүлгөн келишимден баш тартышты. Бул немистер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаратып жатат. Бир аздан кийин ал офшордо катталган компанияга сатылып кетти. Буга караганда, ал арам акчалар болсо керек, – дейт Валерий Диль.

Ал «Чакан ГЭСти» сатып алган «Поуер инжиниринг ЛТД» компаниясы Улуу Британиянын Виргин аралдарында катталган аты бар өзү жок компания экендигин кошумчалады.

Өкмөт башчы да бул соода таза эмес болсо керек деп шек санайт:
- Биз арам акчаларды адалдоого каршы күрөш жөнүндө конвенцияга жана башка ушул өңдүү коррупция менен күрөш жөнүндө келишимдерге кошулдук. Силер аны сатканда, алдын ала ал кандай компания экенин текшеришиңер керек болчу, - деди Николай Танаев жакында өткөн өкмөт жыйынында.

Майда жана чакан ишканалар менчиктештирилип бүткөндөн кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети айрым ири ишканалардын мамлекетке тиешелүү акциялар пакетин сатып жатат. Бирок бул көпчүлүк учурда талаш-тартыш, чыр чатак менен өтүүдө. Премьер министрдин айтканына караганда, «Чакан ГЭСтин» айланасында чыккан чыр мамлекеттик деңгээлге чейин жеткен өңдүү:

- Жакында Германиянын парламентинин төрага орун басары бизде болуп кетти. Ал бул маселени көтөрүп кетти. Ал Шредердин деңгээлине да көтөрүлүп жатат. Бул эмне кылганыңар? - деди Николай Танаев Мамлекеттик мүлктүн жетекчилерине.

XS
SM
MD
LG