Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «КОНСТИТУЦИЯНЫН БАШЫНДА ТУРГАН ЭКИ КИШИНИН БИРИ МЕНМИН»


Кыргызстандын мурдагы элчилерин шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселеси бир айга чукул мезгилден бери бир ыктай чечиле элек. Акыркы ирет 30-ноябрда мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов укуктарын аныктап берүү суранычы менен Конституциялык сотко кайрылышты. Азыр сиздерге сунуштай турган Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчисиси, коомдук жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов менен интервьюда ушул маселенин айланасында сөз жүрөт.

- Урматтуу Медеткан мырза, жалпыга белгилүү, элчилердин шайлоого укугун аныктап бергиле деген сиздердин суранычты парламент колдогон жок. Борборшайлооком ага чейин эле өз оюн айткан. Мындан ары кандай чечилери да али белгисиз. Маселеге сиз саясатчы катары кандай карайсыз? Пикириңизди билсек дедик эле.

- Кайрылган кишилерге жана шайлоого катышалы деп ойлоп жүргөн башка дипломаттарга жол тосуу болоруна биз мурдатан эле көзүбүз жеткен болчу. Биз парламенттин чечимин күткөн болчубуз. Күткөн чечим кабыл алынды.
Ушул маселенин чыгып калышы жөнүндө гана айтып коеюн, биринчиден, дүйнөлүк практикада ириде мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, башка мамлекетте ошол мамлекеттин саясатын жүргүзүп жаткан өзүнүн кызматкерлеринин шайлоого катышуу укугун алып коелу деген өнүккөн бир дагы чет мамлекетте жок. Бир дагы мамлекет башчынын, бир дагы мамлекеттин, бир дагы парламенттин оюна келген да эмес. Келиши да мүмкүн эмес. Ошондуктан, Кыргызстанда азыр болуп жаткан кыймылдар, элчилерди шайлоого киргизбейли деген аракеттер, бул мен үчүн, Абылов үчүн, Сыдыков үчүн трагедия эмес, бул Кыргыз мамлекети үчүн трагедия. Дипломаттар - бул тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери деген сөз. Шайлоого киргизбөө деген айрым дипломаттарга эмес, дипломатиялык кесипке жол тоскондук. Алардын укугун кемсинткендик, тебелеп, тепсегендик деп түшүнүш керек.

- Андай болгондо Конституцияны кантип чечмелейбиз? Борбор шайлооком, бир топ парламентарийлер элчилердин талабы Баш мыйзамга дал келбейт деп атышпайбы?

- Конституция абдан туура жазылган. Ушул Конституцияны 1993-жылы кабыл алгандын башында турган эки кишинин бири менмин. Акаев экөөбүз. Акаев ошол Конституциялык долбоордун төрагасы болчу. Мен ал кишинин орун басары болчумун. Парламенттин спикери катары ушул беренени кабыл алуунун үстүндө мен тургам. Мен муну абдан туура деп ойлойм. Себеби, беш жылдык мөөнөт Кыргызстанда башка жактан келген жарандар, Кыргызстанга келип жарандык алгандар, Кыргызстанда туруп, анан башка жакка өзүнүн каалоосу боюнча каттоодон чыгып, Кыргызстандан алыстап кеткен кишилер үчүн жазылган.
Дипломаттар болсо чет мамлекетте иштеп жаткан күндө да Кыргызстандын кызматкери болуп калат. Кыргызстандын президенти Акаевдин жардыгы менен барып иштейт. Өкмөттүн жана президенттин милдеттерин аткарат. Ал өзүнүн каттоосун эч качан өзгөртпөйт, бул жерде калат. Мыйзам боюнча чет мамлекетке чыккандан кийин же чет мамлекеттен киргенден кийин үч ай каттоого турбаса, же каттоодон чыкпаса, ага административдик же укуктук жаза берүүгө болот. Дипломаттар болсо жылдап-айлап чет мамлекетте жүрүшөт. Каттоосу калат. Ал бул жердин жараны.

- Бул маселеге тышкы иштер министрлиги кандай карап жатат?

- Биз тышкы иштер министрлигине бул маселе боюнча кайрылганбыз. Тышкы иштер министрлиги өз оюн айткан жок. Биз аны күтүп атабыз. Эгерде тышкы иштер министрлиги ушуну билмексен болуп, айрым элчилерге антипатиясын же симпатиясын көргөзбөш үчүн биз билбейбиз дей турган болсо, өз дипломаттарын коргой албай турган болсо, анда андай министрликтин эмне кереги бар?

- Сиздер Конституциялык сотко кайрылыптырсыздар. Эми ушундан сиздердин кызыкчылык үчүн тыянак чыгарына ишеним барбы? Талашка түшкөн бул маселени кантип жөнгө салууга болот, сиздин оюңузда?

- Мен Конституциялык сот биздин кызыкчылыгыбызды колдоп чечим чыгарат же колдобойт деп айта албайм. Себеби, бул Конституциялык соттун өзүнүн укук-милдети.

Ушул элчилерди шайлоого киргизбөө жөнүндө болуп жаткан сөздүн эң төркүнү, эң чечиле турган, чечилбей турган жери дагы, позициясын ачык айта турган жери да бул биздин президентибизде турат. Президент – Конституциянын кепили. Биз Президент Акаевге расмий кат менен кайрылдык. А киши өзүнүн оюн айта элек. Бизге эң кызыгы ушунда болуп турат. Өзүнүн жардыгы менен бекитип, чет мамлекетке Кыргызстандын кызыкчылыгын жактагыла деп жиберген элчилерине Акаев кандай карар экен? Экинчиси, Акаев бизге ыйгарым грамотасын берип жатып ошол биз барып иштеген мамлекеттин президентине мына бул элчи сиздин мамлекетте менин сөзүмдү айтат деп эсептеңиз деп жазган. Биз ошол кишинин сөзүн айтып келдик. Эми биз ошол кишинин сөзүн күтүп атабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG