Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ЕВРОПАРЛАМЕНТ ЖАНА ТУРКИЯ: МАМИЛЕ КАНДАЙ ӨНҮГӨТ?


Европа Парламентинин Тышкы Иштер боюнча Комиссиясы шейшемби күнкү олтурумунда, голландиялык християн демократ парламентер Чамиел Еарлингс тарабынан даярдалган Түркия докладын жактырып чыкты. 50 жактаган 18 каршы добуш менен кабыл алынган докладда Евробиримдиктин лидерлери Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча тез арада баштоого чакырды, бирок бул чакырыка, Түштүк Кипрдин мамлекет катары таануу талабын да камтыган бир катар шарттар тиркелди. Докладда ошондой эле, Түркияга толук мүчөлүктүн ордуна артыкчылыкка ээ өнөктөш статусун берүү жөнүндө өзгөчө Християн Демократтар тарабынан ортого коюлуп келген сунуштар четке кагылды.

Түркиядагы реформа жараяны үзгүлтүккө учурап калган абалда, мүчөлүк сүйлөшүүлөрү токтотулуп коюулары кайра белгиленген комиссиянын докладында Кипрге арналган бөлүмдө, “мүчөлүк сүйлөшүүлөрү биримдикке мүчө өлкөлөр менен жүргүзүлүүчү өкүмөттөр-аралык бир протест болору, Кипр дагы биримдиктин 25 мүчөсүнүн бири болгонуна жараша Анкара аны расмий түрдө таанууга туура келери” билдирилди. Анда Түркиянын Армения менен болгон чегарасын мүмкүн болушунча тез арада ачуусу талап кылынып; Анкара өкмөтү өлкөдө куралдарын таштоого макул болгон күрт согушчандар менен диалогко кириш үчүн тийиштүү кадамдарды баштоо жактырылды. Биринчи редакциясында Түркияда жашаган Алави тарыкасындагы жарандардын мусулман азчылык катары кабыл алынуусун талап кылган докладды шейшемби күнү кабыл алынган кийинки вариантында, андай деген талаптан баш тартылып, Алавилер коомчулук катары чечмеленди. Хейбелиада аталган аралдагы грек-ортодокстордун руханий мектебинин кайра ачылуусу үндөлүп докладда, Алавилердин ‘чемеви-жамаатүйү’ деп аталган ыбадатканаларынын диний борбор катары таанылуусу талап кылынды. Комиссиянын доклады Европарламенттин 14-декабрдагы жалпы олтурумунда кайрадан талкууланып добушка коюулат.

17-декабрда Евробиримдиктин өкмөт жана мамлекет башчылары Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө баштоо -баштабоо маселесин чечишет. Еврокомиссиянын кечөөкүнкү доклады милдеттендирүүчү мүнөзгө ээ эмес; бирок анда айтылган пикирлер жана сунуштар, саммит учурунда лидерлер тарабынан эсепке алынары талашсыз. Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл ушул жумада дагы бир жолу тактап чыккандай, Анкара өкмөтү биримдик менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн максаты Түркиянын толук мүчөлүгү экенин, ошондой эле Түркия толук мүчөлүктөн сырткары эч кандай бир альтернативага макул болбой турганын билдирип келатат. Франциянын президенти Жак Ширак башкаруудагы партиянын жаңы төрагасы Саркоззйден кийин, эми алардын катарына Австриянын президенти Волфганг Счхуссел да катышып, Түркияга толук мүчөлүктүн ордуна артыкчылыкк ээ өнөктөш статусун берүү жөнүндө билдирди. Абдуллах Гүл шаршемби күнү Хаага калаасында чыгып сүйлөп, Австриянын президентинин андай деген сунушуна дегеле кам санабаганын; анткени Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө сунуш кийирген Еврокомиссиянын октябрдагы билдирүүсүн биримдике мүчө өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү колдоп чыкканын айтты. Кипрди таануу маселесине токтолуп ал, Копенгаген саясий критерийлеринде Кипрди таануу деген шарт камтылбаганын жана Түркиянын мындан аркы эч кандай жеңилдиги калбаганын билдирди.

Бейшемби күнү Европарламенттин төрагасы Йосепх Борелл, Евробиримдик-Түркия парламенттик курама комиссиянын төрагасы Йоост Лагендик жана кечөкүнкү докладды даярдаган тышкы байланыш боюнча комиссиянын төрагасы Чамилл Ералингс 3 күндүк иш сапар менен Түркияга келет.

XS
SM
MD
LG