Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Леонид Кучма Владимир Путин менен жолукту


Украинанын Жогорку соту оппозициячыл талапкер Виктор Ющенконун президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын жараксыз деп табуу тууралуу арызын кароону улантты. Анын жыйынтыгы жума күндөн кечиктирилбей чыгышы күтүлүүдө.
Ал эми Украинанын азыркы президенти Леонид Кучма Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү үчүн бүгүн Москвага учуп келди. Президент Путин Леонид Кучманын Украинадагы сасий кризисти чечүү аракетин колдой турганын, Орусия Украинага жик салып аткан кырдаалга аябай тынчсыздануусун билдирди. Леонид Кучманы аба майдандан тосуп алып жатып, орус президенти Путин кайра шайлоо өткөрүү максатына жетпей калышы мүмкүн экендигин айтты.

- Президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кайра кайталоо максатына жетпей калышы мүмкүн. Тараптар бир мунасага келиш үчүн үчүнчү, төртүнчү, же жыйырма шайлоо өткөрүүгө туура келеби.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG