Орус президенти Владимир Путин кечээ күнү кечинде үч күндүк сапар менен Индияга келди. Эки өлкө ортосундагы экономикалык жана аскерий байланыштарды чыңдоо ыкмаларынан тышкары Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кириши жана Индиянын Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кошулуу маселелери каралат.