Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

ТУРСУНБЕК АКУН ҮЙҮНДӨ ДАРЫЛАНУУДА. ТЕРГӨӨ ОКУЯНЫН ЖАНДЫРМАГЫН АЧАБЫ?


2-декабрда ооруканадан чыгарылган Турсунбек Акун үйүндө дарыланууда. Анын жоголуп-табылышына кимдин, же кайсы органдардын тиешеси бар экендигин тергөөчүлөр аныктап, ал эми ден соолугун көз карандысыз дарыгерлер текшерүүгө тийиш деген ойлор айтылууда.

Коомчулукка маалым болгондой Турсунбек Акун 16-ноябрда жоголуп, 1-декабрда кайра табылды. Ал өзү Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери уурдап кетип, 15 күн бою зордук менен кармап турганын билдирүүдө.

Бул окуяны Ички иштер министрлиги тергеп жатат. Бирок анын жыйынтыгы чыкканга чейин эле тартип коргоо органдары тарабынан “жоголуу атайын жасалган оюн” деген билдирүүлөр жарыяланды. Андан сырткары Турсунбек Акун газ менен ууланганын билдирсе, жергиликтүү дарыгерлер аны четке кагууда.

“Фридом хауз” уюмунун өкүлү Улукбек Бабакуловдун маалымдоосуна караганда, бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн аныктоо үчүн уюм көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү чечти:

- Биз чын-чынында эмне болгонун иликтейли деп жатабыз. Ал иликтөөнүн соңунда отчет жарыялайбыз. Азыркы кезде Улуттук коопсуздук кызматынын билдирүүлөрүндө дал келбестиктер бар. Биз алар анча көңүл бурбаган учурларга көңүл бурганы жатабыз.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков Турсунбек Акунду көз карандысыз дарыгерлер текшерип чыгыш керек деген сунушту колдоп, ага биринчи кезекте бийлик аракет жасоого тийиш, деп билдирди. Анын айтымында, бул чаташкан окуяда Турсунбек Акундун айтканы чындыккан жакын:

- Бийликтегилер бул Турсунбек Акундун өзүнүн жасаганы биздин тиешебиз жок деп жатышат. Мен эки тараптын тең маалыматын окуп чыктым, менин оюмча Турсунбек Акун айтып аткан сөздөрү туура, - деген Ишенбай Кадырбеков, Турсунбек Акунду уурдап кетүү себеби катары буларды атады:

- Президентти кызматтан кетирүү максатында кол чогултуп жатса бийликтегилерге жага бербейт. Ал эми Акуновдо жеткиликтүү кол топтоп, маселени жогорку саясий деңгээлге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Менин оюмча ошондон коркуп кетишти.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов бийлик тарабынан жасалган билдирүүлөрдү катачылык деп атап, маселени тергөө аныкташ керек деген пикирин билдирди:

- Тергөө жүрүш керек. Милиция кызматкерлерин тизип, алардын ичинен Турсунбек Акундун тааныймын деген милицияны табуусуна мүмкүнчүлүк берилиш керек.

Маалым болгондой Турcунбек Акун 15 күн бою эрксиз кармалып турган убагымда эки милиция кызматкери жаныма келген жана алардын бирөөсүн тааныймын, деп билдирген.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын тартип коргоо, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Алымбай Султанов да бул окуяны тартип коргоо органдары дыкат иликтеп, чекит коюш керек деген пикирде:

- Күч органдары уурдап кетти дегенден алысмын. Анткени колдо факты жок. Бирок өзү пиар жасоо үчүн жашынып калды дегенге ишене албаймын. Ошондуктан тартип коргоо органдары бул маселени тактап, аныктап, жалпы коомчулукка туура маалымат бериш керек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун билдирүүсүнө караганда, Турсунбек Акундун жоголуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында укук коргоочунун өзүнө ден соолугу мүмкүнчүлүк берсе суроолор берилет. Ал кечиктирилбестен жасалууга тийиш, деди Жолдошбек Бузурманкулов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG