Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

ТУЮКСУУ ТОРОЛСО… «УРАН АЖЫДААРЫ» КОЗГОЛОБУ?


Бир айдан ашуун убактан бери Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жумгал районунудагы Миңкуш шаарчасынын жанындагы Туюксуу аймагындагы жеркөчкүгө байкоо салып, кырсыкты алдын-алуу иштерин жүргүзүүдө. Жер титирөөдөн улам пайда болгон көчкү аз-аздан жылып отуруп Туюксуу сайын тосуп калыш коркунучу турат.

Адистердин айтымында, Миңкуштагы жылып аткан көчкү жер титирөөдөн улам пайда болгон. Кыртышы козголуп аз-аздан төмөндөп отурган көчкүнүн болжолдуу көлөмү 700 миң куб метрди түзөт. Эгер ал күндөрдүн бир күнүндө өөндөгү Туюксуу сайын тосуп кала турган болсо, уран калдыктары сакталган жерди чайпап кетиш коркунучу турат.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Геоприбор» илим-изилдөө борборунун адистеринин болжолунда, суу тосмонун бийиктиги 30 метрге чейин көтөрүлөт. Бул «Туюксуу» уран калдыктары сакталган жерди толук суу басып каларын көрсөтчү коркунучтуу белги. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кырсыктардын салакасын жоюу департаментинин жетекчиси Марат Исаковдун айтымында, ушу тапта министрлик алдын-алуу иштерин жүргүзүүдө:

- Жумгал жериндеги тоо биздин түштүктөгүдөй жалгыз топурактан турбай, таш, шагылдуу келет. Ошол себептүү бул жерлерде жеркөчкүлөр аз болот. Жер көчкү сууну басып калса өйда жактагы уран калдыктар сакталган жерди көтөрүлгөн суу чайпап кетиши мүмкүн. Аны болтурбаш үчүн биз алдын-алуу иштерин жүргүзүп атабыз. Эсептедик, жер көчкү түшкөн күндө дагы 750метрдей же бир километрге жакын жол салып көчкүнү кыйгап өтчү канал жасоо аракетин көрүүдөбүз.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү кызматтары Кыргызстандын түштүгүндөгү уран жана уулуу зат калдыктары сакталган жайлардын абалы өзгөчө коркунучтуу экенин айтышып, эларалык уюмдардын көмөгү менен Майлысууда калыбына келтирүү иштерин баштаган. Министрликтин уран жана уулуу калдыктар сакталган жайларды көзөмөлгө алып, байкоо салуу башкармалыгынын жетекчиси Александр Мелешко Миңкуштагы тоо көчкү табияттын кезектеги табышмактарынын бири деп эсептейт.

- Миңкуштагы тоо жылып аткан жердин геологиялык шарты боюнча дегеле көчкү жүрчү жер эмес. Кыртыш породасы көчпөй турган жер. Бирок да, жер жыла баштады. Көчкү 20-августта башталган. Ага чейин бул жерде жер титирөөлөр болгон. Илимпоздордун эсеби боюнча, тоо көчкү сууну тосуп, сайдын деңгээли 30 метр бийиктикке көтөрүлөт. Бул жерде так айтыш кыйын. Көчкү аз-аздан түшүшү мүмкүн же күүжүм басып калышы да ыктымал, - дейт Александр Мелешко.

Анын айтымында, Кыргызстандын башка жерлеринде сакталган уулуу зат, уран калдыктарын деле көчкү басып, суу чайып кетиши ыктымал.

- Биз күтпөгөн жерден көчкү жүрүп, коркунуч туулушу ыктымал. Анын себептери биртоп, тоо өсүп жатат, жер титирөөлөр болууда. Биз коркунучтуу жерлердин түгөл баарына байкоо жүргүзүп, текшерип турабыз, - деп айтты Александр Мелешко.

Анын ырасташынча, өзгөчө кооптонууну жараткан жерлер көбүнесе өлкөнүн түштүк жагында.

- Фергана тоо кыркаларынын түгөнүш жерлери коркунучтуу. Анткени, геологиялык шарты жагынан ал жерлерде көчкүлөрдүн жүрүшү ыктымал. Жамгыр көп жаайт, сейсмикалык активдүүлүк да жогору. Ошондуктан ал жерлерде көчкү көп жүрөт, - дейт Александр Мелешко.
XS
SM
MD
LG