Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Танаев Кытайдан кайтты


БИШКЕК. Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев бейшемби күнү Кытай Эл Республикасына жасаган үч күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келгенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады, бирок, сапардын жыйынтыгы тууралуу маалымат тарката элек.
Ал эми People's Daily гезитинин билдиргенине караганда, Николай Танаев Гуандун облусунда болгон. Премьер министр Кытайдын бул өнүккөн облусу менен экономика, маданият, илим, билим берүү жаатында кызматташарын билдирди. Облустун губернатору Хуанг Хуахуа бул жолугушууда облус менен Кыргызстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2003-жылы 5,83 миллион долларга жеткенин белгиледи. 2004-жылдын сентябрына чейин ал 29,5%ке өскөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG