Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

“Рентонгрупп” аманатчылары пикетте


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Рентонгрупп” компаниясына аманатын алдатып жиберген 300 ашуун адам Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыкты. Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Николай Байло палатанын комитети тарабынан аманатчылардын талаптарын аткаруу боюнча бардык аракеттер жасалганын, учурда бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия иштеп жатканын аманатчыларга маалымдады. Андан соң амантчылар Каржы министрлигинин алдына барып, министрликтин жетекчилигинен “Рентонгруппка” алдаткан акчаларын кайтарып берүүнү талап кылды. Бирок каржы министрлигинин жетекчилиги алардын талаптарын дале жоопсуз калтырууда.

Белгилей кетүүчү нерсе өткөн жылы август айында “Рентонгрупп” компаниясынын жетекчилери белгисиз жакка качып кетип, 2 миңге жакын аманатчы 150 млн. сомдон ашуун акчасынан куру жалак калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG