Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Президент Акаевге «Хьюман Райтс уотч» кат жолдоду


БИШКЕК. Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс уотч» уюму бүгүн укук коргоочу Турсунбек Акунга байланыштуу президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоду. Катка уюмдун Европа жана Ортоазия боюнча жетекчиси Рачел Денбер кол койгон. Президентке жазылган бул катта укук коргоо уюму Турсунбек Акунга байланышкан акыркы жагдайларга тынчсыздануусун билдирип, укук коргоочунун ден соолугун көз карандысыз дарыгерлердин катышуусунда кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштайт. Мындай сунуш катта Турсунбек Акундун ден соолугунун начардыгы, өз алдынча баса албагандыгы менен негизделген. Катта ошондой эле тартип коргоо жана атайын кызматтардын укук коргоочунун табылышына байланыштуу билдирүүлөрү бардык айыптарды жабырлануучу Турсунбек Акундун мойнуна коюу аракети катары бааланган.

XS
SM
MD
LG