Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Украинанын Жогорку Соту “президентик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын жараксыз”, деген чечим чыгарды


БИШКЕК. Кечээ Украинанын Жогорку Соту “21-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы жараксыз”, деген чечимин чыгарды.
Жогорку Сот “Виктор Ющенко биринчи айлампада жеңишке жетишти, бирок ал шайлоочулардын тийиштүү 50% добушун ала албагандыктан президент боло албайт”, деп билдирди. Жогорку Соттун чечими менен Украинанын президенттигине шайлоо үч жуманын ичинде кайрадан өтүүсү керек. Украинадагы президенттик шайлоонун айланасындагы окуянын мындай кескин өзгөрүшүнө Кыргызстандыктар да ар түрдүү пикирде. Демократия жана жарандык коом коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов:

- 21-ноябрдагы Украинадагы өткөн шайлоо фальсификация менен өткөн. Көп мыйзам бузууларга жол берилген. Ага Кыргызстандан Киевге барган көз карандысыз байкоочу катары биз өз көзүбүз менен күбө болгонбуз. Ал эми бүгүнкү Украинанын Жогорку Соту чыгарган чечим, Украинада демократиянын орношуна кадам шилтеп, күчтүү база түзүүгө өбөлгө болду.

Ал эми белгилүү саясатчы, Мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов:

- Украинадагы түзүлгөн бүгүнкү кырдаал, саясий кризис мурдакы Совет Биримдигинин курамындагы Республикалардын бирине да барбайт, Украинадагы эле окуя болуп калат деп айтыш оор. Ошондой эле окуяларды башка Республикаларда да, биздин Республикада да келе жаткан президенттик шайлоодо жол бербөөгө аракет кылыш керек.

Өткөн аптада мамлекет башчы Аскар Акаев Украинанын премьер-министри, президенттикке талапкер Виктор Януковичти президенттик шайлоодо жеңиши менен кутуктап, телеграмма жиберген эле.

XS
SM
MD
LG