Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Индияда дүйнөнүн эң ири өндүрүш кырсыгынын курмандыктарын эскерип жатышат


БОПАЛ/ ИНДИЯ. Бүгүн Индиянын Бопал шаарында дүйнөнүн эң ири өндүрүш кырсыгынын курмандыктарын эскерип жатышат. Курман болгондордун жакындары менен кырсыктан аман калган адамдар бейшемби күнү шам жагып, маркумдардын арбайына дуба кылышты. Шаардагы химиялык заводдо мындан туура 20 жыл илгери болгон кырсыктан 3000 киши каза болгон. Жума күнү болсо эскерүүгө катышып жаткандар шаардын көчөлөрүндө демонстрация өткөрүшүп, трагедиядан дагы эле жабыркап келаткан миңдеген адамдарга кенемте акча төлөп берүүнү талап кылышты. Индиянын өкмөтү өткөн 20 жылдын ичинде кырсыктын кесепеттеринен каза болгон адамдардын саны 15 миңге жеткенин билдирет. АКШнын химиялык заводу миллиондогон доллар компенсацияда төлөгөн. Бирок кырсыктан жабыркагандарга анын аз эле бөлүгү тийген.


Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG