Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Грозныйда милицияга жана тынч жаткан элге кол салган деген шекте төрт киши кармалды


ГРОЗНЫЙ. Грозныйда милицияга жана тынч жаткан элге кол салаган деген шекте төрт киши кармалды. Бул жөнүндө Чеченстандын ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Руслан Алханов билдирди. Бүгүн Россиянын Түндүк Кавказдагы аскердик командачылыгынын өкүлү Илья Шабалкин Чеченстанда акыркы бир нече айдын ичинде кол салууларды уюштурганга жардам берип жаткан 10 чакты чет элдик инструктор жок кылынганын билдирди. Анын айтымында алар негизинен Түркия, Канада, Алжирдин жарандары, инструкторлордун арасында британиялыктар да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG