Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

НАТОнун командачысы уюмдун мүчөлөрүн Ирак аскерлерин машыктырууга жардамдашууга чакырды


БАГДАД. НАТО аскерлеринин башкы командачысы генерал Жеймс Жоунс Ирактагы коопсуздукту калыбына келтирүү процесси өтө жай жүрүп жатканына таң берди. Ал ошондой эле башка өлкөлөрдү, анын ичинде Ирактагы согушка каршы чыккан Германия менен Францияны Ирактын аскерлерин машыктыруу иштерине кошулууга чакырды. Жоунс Иракка НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффер менен келди. НАТО Иракка 70тен ашык инструкторлорун жиберген. Скеффер 30-январга белгиленген шайлоону Иракта өз убагында өткөрүү өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми Уюмдун өкүлү НАТО инструктрлордун санын 250гө жеткирүү ниетинде экенин билдирди. Алар НАТОнун 2000дей аскеринин коштоосунда иш жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG