Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Украинанын Жогорку соту президенттик шайлоонун экинчи турун жараксыз деп жарыялады


КИЕВ. Украианын Жогорку соту президенттик шайлоонун экинчи айланпасынын жыйынтыгын жокко чыгарды. Сот 26-декабрде өлкөнүн бүткүл аймагында добуш берүүнүн дагы бир айланпасын өткөрүү жөнүндө чечим чыгарды. Ошентип, сот оппозициянын талабын канагаттандырып, шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар менен бурмалоолор болду, деген доосун негиздүү деп тапты.
Анын аралыгында, бүгүн өлкөнүн президенти Леонид Кучма эгерде өлкөдөгү саясий кризис жөнгө салынбаса, өлкөнүн экономикасы оор жоготууга учурай турганын билдирди. Парламент фракцияларынын жетекчилери менен өткөн жолугушууда президент кризис экономиканы кыйратып жатканын эскертти.

XS
SM
MD
LG