Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

КЫРГЫЗСТАНДА ПСИХИАТРИЯЛЫК САЛАМАТТЫК КОРГОО МАСЕЛЕСИ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда психикалык саламаттыкты коргоо системасы реформаланууга муктаж. Буга чейин өлкөдө 2001-2010-жылдарда Кыргызстандын калкынын психикалык саламаттыгын коргоо боюнча Улуттук программа, ошондой эле «Психиатриялык жардам көрсөтүү жана аны көрсөтүүдө атуулдардын укуктарын кепилдөө жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынган.

Дүйнөлүк психиатриялык уюмунун маалыматтары боюнча планетада ар бир төртүнчү адам өзүнүн турмушунда психикалык саламаттыгынын тигил же бул формада жабырлануусуна дуушар болот. Калктын саламаттыгынын психикалык жактан жабырланышынын башкы себептеринин бири алардын турмушундагы социалдык-экономикалык оор абалы болуп эсептелет. Бишкек шаарынын башкы психиатры Кеңешбек Усенов социалдык абалдан башка да факторлорду белгиледи:

- Эми психикалык саламаттыктын жабырлануусу социалдык фактордон башка нерселерге да байланыштуу. Мисалга алсак, бул оору тукум кууйт. Психиат риялык оруулардын көбөйүшү үй-бүлөдөгү, мектептердеги мамилелерге да байланыштуу болот.

Учурда өлкөдөгү психиатриялык мекемелердин матераилдык-техникалык базасы өтө начар. Бул жөнүндө Бишкектеги Психикалык саламаттык боюнча республикалык борборунун аялдар дарыланган экинчи бөлүмүнүн башкы дарыгери Лидия Федорова:

- Биздин материалдык-техникалык абалыбыз өтө оор. Албетте, бул абалды жакшыртуу боюнча жардам сурап, президентке да, парламентке да кайрылганбыз. Бирок, андан эч кандай жыйынтык боло элек, коом тарабынан биздин өтүнүчтөргө көңүл бурулбай келет, - деген Лидия Федова белгилегендей, соңку жылдары ооруканага саламаттыгынын психикалык жактан жабырланышы менен кайрылгандардын саны көбөйүүдө, алар негизинен социалдык проблемалар менен байланыштуу. Дарыгердин айтымында, өкүнүчтүүсү , биздин коомдо азарынча мындай ооруларга дуушар болгон атуулдарга карата алардын жакындары, туугандары да түшүнүк менен мамиле жасоого үйрөнө элек:

- Көптөгөн оруулуулар бизде алардын туугандары менен болгон чыр-чатактарына байланыштуу жаткырылат. Бул жашыруун эмес, - дейт Лидия Федорова.

Мындай абалга дуушар болгондугу жөнүндө Бишкек шаарындагы Психикалык саламаттык боюнча республикалык борборунда дарыланып жактан 43 жаштагы Фатима атту айым мындайча билдирди:

- Туугандарым менин оорумду кабыл алгысы келбейт. Алар бул жөнүндө тааныштарына, досторуна айтууга намыстанышат. Алар тууганы психикалык ооруга чалдыккандыгы үчүн уялышат»дейт психикалык оору менен дарыланып жаткан Фатима атуу айым.

Кыргызстанда психикалык саламаттыкты коргоо системасын реформалоодо көңүл бурула турган негизги багыттарга борбор калаанын башкы психиатры Кеңешбек Усенов мындай дейт:

- Биринчиден, психиатриялык мекемелерди каржылоо тартибин өзгөртүү зарыл. Мындай өзгөрүүлөр альтернативалуу психиатриялык мекемелердин пайда болушун шарттайт. Экинчиден, психиатриялык мекемелерде иштеген медицина персоналынын дарыланып жаткандарга карата мамилеси өзгөртүлүшү керек. Ошондой эле психиартиялык мекемелердин материалдык-техникалык абалын жакшыртуу зарыл. Башкы маселелердин бири – азыр республикада психиатрлардын жетишсиздиги. Бул маселени чечүүгө да тиешелүү көңүл бурулушу керек.

Ал эми «Психикалык саламаттык жана коом» аттуу бейөкмөт уюмунун төрайымы бул маселе боюнча:

- Менин пикиримде, коомдо зордук-зомбулук азыраак болсо, адам укуктары азыраак тебеленсе, психикалык жактан саламаттыгы жабыркаган адамдардын саны да азаят эле, - деген пикирин айтты Бурул Макебаева.

Реформанын жүргүзүүлүшүндө облус, райондук ооруканалардын алдында психикалык саламаттыгы жабырлагандарды дарылоо боюнча атайын бөлүмдөрдү ачуу маселесине да башкы көңүл бурулат. Кыргызстандын психиатрлары бул тармактагы чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүү багытында иш жүргүзүшөт. Тармактагы олуттуу маселелердин бири – психиатриялык мекемелерде дарылоону эл аралык нормаларга ылайыкташтыруу. Бугүнкү күндө Кыргызстанда тиешелүү мекемелерде ар бир оорулуунун тамак-ашына күнүнө 19 сом, дары-дармегине 6 сом гана бөлүнөт.

Кыргызстандагы психиартиялык мекемелерге эл аралык уюмдар тарабынан укук жана каржы жагынан жардамдар көрсөтүлүүдө. Маселен, мындай жардамдар ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, Адам укуктары боюнча Хельсинки Федерациясы, «Сити Хооп» аттуу АКШнын кайрымдуулук фонду жана башка уюмдар тарабынан көрсөтүлүүдө.

Учурда Кыргызстанда 48 миң адам психикалык жактан оорулуу деп катталган. Алардын ичинен 600гө жакыны бүгүнкү күндө дарыланууда.
XS
SM
MD
LG