Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

«КАРАКЕЧЕГЕ» ГЭС КУРУЛАБЫ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстанда бир-эки жылдан кийин электр энергия тартыштыгынын коркунучу бар....

Бишкекте жайгашкан «Борбор Азиядагы суу жана суу–энергетика ресурстарын изилдөө институтунун» адистери Кыргызстан жакынкы жылдары, эгерде тезинен чара көрбөсө, электр энергиясын экспорттогон өлкөдөн аны импорттогон өлкөгө айланат дешет:

- Электр энергиясына суроо-талап, энергия көп пайдаланган учурга эсептегенде, жылына 10% өсүп жатат. Бир жылдан кийин электр энергиясынын тартыштыгы башталат - деди аталган институттун кызматкери Эрнест Карыбеков кечээ өкмөт үйүндө өткөрүлгөн энергетикалык коопсуздук боюнча өткөрүлгөн тегерек столдо.

Институттун адистери бул маселени чечиш үчүн азыркы Каракече көмүр кенинин жанына кубаттуулугу 800-1000 мегаватт жылуулук электр станциясын куруу зарыл деп эсептешет. Алардын пикири боюнча, бул ГЭС курулуп бүткөндөн кийин Бишкектеги жылуулук борборун зарылчылыгын минумумга түшүрүп, шаарды жылытууну көмүрдөн электр энергиясына өткөрүү керек.

Кыргыз өкмөтү андай проблема бар экенин, бирок аны чечүүдө башка резервдерди, жолдору бардыгын айтышат:

- Бул маселелер - белгилүү маселелер. Бул маселелерди чечүүнүн жолдору бар. Анын бири Камбарата ГЭСтерин куруу, - дейт «Электр станциялар» акционердик коомунун баш директору Сагынбек Дордоев.

Өлкөнүн энергетиктери көмүрдөн алган энергия суунукуна караганда алда канча кымбат болоруна, ошондой эле бул идеяга анчалык ынана беришпейт. Институттун кызматкерлери да аларга «Каракечеге» курулган жылуулук электр станциясы өлкө үчүн канчалык пайдалуу болорун так эсеп менен далилдеп бере алышкан жок.

Бирок алар Камбарата ГЭСтерин курууга 8-10 жыл кетерин, ал эми жылуулук электр станциясын 3 эле жылда салып койсо болорун белгилешет:

- Атом жана жылуулук электр станцияларына караганда гидро электр станция курууга 3 эсе көп акча кетет. Убакыт да 3 эсе көп кетет. Ошол 10 жылдын ичинде Кыргызстандын энергетика системасында кризис болуп кетиши мүмкүн, – дейт Эрнест Карыбеков.

Ал ошондой эле электр энергиясынын жоготууларын азайтуу үчүн чет өлкөдөгүдөй электр энергиясын эсептөөнүн автоматташтырылган системасын киргизүү керектигин айтты. «Бул система киргизилсе, электр энергиясын эч ким уурдай ала албайт, жоготуулар болсо 1-2% чейин төмөндөйт» деди Эрнест Карыбеков.

Бирок өкмөт мүчөлөрү автоматтыштырган система өтө кымбат, ага каржы булактарын табуу оор экендигин айтты:

- Биз бул автоматташтыруу системасын билебиз. Анын баасы кымбат. Ал эмес, эсептегич кое албай жатканда ,биз аны көтөрө алабызбы? – дейт Президенттин энергетика коопсуздугу боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Батыркул Баетов.

Талкууга катышкан Биринчи вице-премьер Кубанычбек Жумалиев институттун кызматкерлеринин идеяларынын кызыгуу туудуурарын белгилеп, алар так экономикалык эсеп жүргүзүп чыккандан соң талкууну улантса болорун билдирди.
XS
SM
MD
LG