Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

ТУРСУНБЕК АКУН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ДАРЫГЕРЛЕРГЕ МУКТАЖБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Турсунбек Акун 2-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия ооруканасынан үйүнө жеткирилди. Укук коргоочунун ден-соолугун текшерген дарыгерлер тобу журналистерге маалымат жыйынын өткөрүп, укук коргоочунун ден соолугу канаатандырарлык экендигин жана анын денесинде адамды ууландыруучу газдын белгилери жок экендигин маалымдашкан.

Ал эми Турсунбек Акун өзү болсо ден-соолугу начарлыгын, башы катуу ооруп, кыйнап жаткандыгын айтып, төшөктөн тура албай өз үйүндө жатат. Укук коргоочунун мындай абалына айрым жергиликтүү саясатчылар жана бейөкмөт уюмдары тынчсызданышууда. Алар Турсунбек Акун ден соолукка зыян келтирүүчү газ менен ууландырылганын жоромолдошуп, укук коргоочуну чет өлкөлүк көз карандысыз дарыгерлерге текшертүү демилгесин көтөрүшүүдө. Коомчулукта мындай пикирдин жаралуусуна айрым дарыгерлердин «Эгерде адам эң күчтүү газ менен ууланса дароо каза болот, ал эми орточо же андан төмөн таасирдүү газ менен ууланса чала жан болуп, үч төрт күндөн кийин кайрадан эсине келет» деген пикирлери негиз берүүдө. Ал эми «Коррупцияга каршы күрөшүү» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын маалыматына караганда, Турсунбек Акун башынан да запкы жегендиги аныкталууда:

- Газ ушундай адамдарга пайдаланылат. Ал акырындык менен ден-соолукка терс таасир берет. Мындан сырткары участкалык дарыгердин айтымында, Турсунбек Акун башынан да сокку жеген. Ошондуктан укук коргоочуну тез аранын ичинде текшертүү керек жана ага медициналык жардам берүү зарыл.

Айтмакчы эл аралык коргоочу «Хьюман Райтс уотч» уюму Турсунбек Акунга байланыштуу 3-декабрда президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоду. Эл аралык кадыр- барктуу уюм өз кайрылуусунда Турсунбек Акунга байланышкан акыркы жагдайларга тынчсыздануусун билдирип, укук коргоочунун ден соолугун көз карандысыз дарыгерлердин катышуусунда кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштаган. Азырынча бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдун мындай билдирүүсүнө расмий түрдө жооп бере элек. Ал эми президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков болсо эл аралык уюмдун жогорудагыдай билдирүүсүнө карата төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

-«Турсунбек Акундун ден-соолугу чың» деп жергиликтүү дарыгерлер тобу өз бүтүмүн чыгарбадыбы. Дагы эмне керек эми. Биз «Хьюман Райтс уотч» уюмусуз эле өзүбүз чечип алабыз. Бирөөнүн акылы менен иштебейбиз. Өзүбүздүн жарандарыбыздын укугун коргоп, ден-соолугун карап алууга күчүбүз да, билимибиз да жетет.

Бийлик өкүлдөрүнүн жогорудагыдай пикирине жергиликтүү укук коргоочулар ишенбейт. Алардын айтымында, Кыргызстанда сот органдары сыяктуу эле дарыгерлер да бийликке көз каранды жана алар жогору жактан кандай тапшырма болсо ошондой медициналык бүтүм чыгарууга аргасыз:

-Биринчиден Турсунбек Акун алгач ооруканага түшкөндө эле кыргыздын дарыгерлери өздөрүнүн «Гипократ» антын унутуп коюп, ошол эле Улуттук коопсуздук кызматы эмне десе ошону аткарышаарына күбө болдук. Эмне үчүн мындай экендиги ар бир атуулга айтпаса деле түшүнүктүү. Баягы Шераалы Назаркулов каза болгондо деле биздин дарыгерлер кандай уят ишке баргандыгына күбө болгонбуз.

Ушундай пикирин билдирди «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов.

Ошентип он беш күн дарексиз жоголгон укук коргоочунун ден соолугу жана анын жоголушу боюнча учурда түрдүү пикирлер орун алууда. Турсунбек Акундун ден соолугун көз карандысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүү мында талаш-тартышка чекит коебу жокпу аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG