Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

БИШКЕКТЕ БИР ДА «ЭРКИН ТЕЛЕКАНАЛ» КАЛБАДЫ


Кыргызстанда оголе көп сандагы маалымдоо каражаттары каттоодон өткөнү менен калктын ыкчам, объективдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгү аябай эле чектелүү. Мындай абал өзгөчө алыскы айыл-кыштактарда алиге чейин сакталууда. Кыргызстандын 500 ашуун айылына телефон байланышы жете элек. Ошондон Интернет байланышы көп жерлерде кол жеткис кыял бойдон калууда

Кыргызстандагы IREX өкүлчүлүгүндө өткөн «тегерек үстөл» жыйынында калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүгү, маалымдоо каражаттарынын абалы, сөз эркиндигинин сакталыш абалы жайында кеп болду. IREX жыл сайын постсоветтик өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалын талдаган сурамжылоо иштерин жүргүзүп, иликтөөнүн жыйынтыгын жарыя кылып келатат.

Эксперттер өткөн жылы Кыргызстан сөз эркиндигинин сакталашы боюнча баштагы позициясынан артка кеткенин белгилешсе, быйылкы жылы деле абал дурус жагына өзгөрүлбөгөнү айтылды.

Улуттук телерадиокорпорациянын баяндамачысы Мыктыбек Өмүрзаковдун ырасташынча, маалыматтын элге убагында жетпей жатышы маалымдоо каражаттарынын өкмөттүк же өзүмдүк деп бөлүнүшүнө эч кандай тиешеси жок.

- Кыргызстандын бардык жерин ошол улуттук каналдын өзү камсыз кыла албайт. Анткени андайга техникалык мүмкүнчүлүк жок. Мындан тышкары радионун каналдары бар. Биз өкмөттүк гезиттерди, өкмөттүк маалымдоо каражаттарын бир тараптуу деп айыптай турган болсок, ошол эле учурда көз карандысыз деген маалымдоо каражаттары деле бир тараптуу деп айта алабыз. Бүтүндөй Кыргызстан эли өзү каалаган маалда каалаган маалыматын алалбайт.

«Талас кабарлары» гезитинин кабарчысы Гүлбара Иманкулованын ырасташынча, жергиликтүү маалымдоо каражаттарына келип иштеген жаштар аз. Анын үстүнө жер-жерлерде эркин маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө шарт да, мүмкүнчүлүк да жок.

- Жаш журналисттер райондорго барбайт. Ошондон кадр маселеси аябай курч туруп атат. Өкмөттүк эмес гезиттер бар. Бирок, алар гранттан-грантка чейин эле жашайт. Өзүн-өзү актай албайт. Анткени Таласта гезит сатып алышпайт. Тандап алыш керек болуп, гезит алыш керекпи же нан алыш керекпи суроосу чыкса нан алышат.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жылдан-жылга начарлап баратат деп эсептейт. Басма сөздүн айыл жерине жетиши кыйын болууда. Электрондук маалымат каражаттарынын көбү мамлекеттин колунда.

- Массалык маалымат каражаттарынын абалы азыр начарлап калды. Себеби азыр электрондук маалымдоо каражаттары, мисалы телеканалдардын арасында эркин иштей турганы калган жок. Мына, «Пирамида» телеканалы былтыр башкача тарти
пте иштесе, быйыл башка тартипте иштеп калды. Анан башка метрлик диапозондо иштечү телеканал жок. Калгандары дециметрлик каналдар. Жергиликтүү телеканалдар, облустарда чыгып аткан көз карандысыз телеканалдардын көрсөтүүсү алыс жерге жетпейт. Аларды локалдуу телеканалдар деп коюшат. Бишкекте андай телеканал да калбады.


Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандагы эки шаар Бишкек менен Ошто гана дурус дегидей деңгээлде. Калган шаар-кыштактардын дээрлик баарындагы абал бирдей. Ал жерлерде мамлекеттин колундагы маалымдоо каражаттары гана үстөмдүк кылат, дейт Оштогу ресурстук медиаборбордун жетекчиси Эрнис Мамырканов.

Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы сөз эркиндиги менен азыркы учурдагы абалдын асман-жердей айырмалуу болуп атышын айрым адистер а кездеги бийликтин тажрыйбасыздыгы, маалымдоо каражаттарын ооздуктоонун ыңгайлуу жолун таба алышпагандыгы, кыялкеч демократиянын ынтаасы менен түшүндүрүп келатышат. Кыргызстанда сөз эркиндигин ооздуктоо убакыт өткөн сайын тарыган төөнүн ширесиндей жыл сайын катуулап келатыр.
Бекташ Шамшиев
XS
SM
MD
LG