Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Ошто ишкерлер конференциясы


ОШ. Конференцияда учурдагы ишкердиктин проблемалары, перспективалары жана ага байланышкан мыйзамдык базанын өзгөчөлүктөрү боюнча маселелер козголду. Жыйында чыгып сүйлөгөн ишкерлердин көпчүлүгү орто жана кичи ишкердикти өнүктүрүүдө тоскоол болуп жаткан маселелер боюнча ой-пикирлерин айтышты. Айрыкча салык алуудагы жана салык базаларын кеңейтүүдөгү мыйзам актыларынын камдыгы, ишкерлердин укуктарын ар кандай башаламан текшерүүлөрдөн коргоонун абалы боюнча маселелер көтөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө ишкердикти өнүктүрүүдө ички жана тышкы инвестицияларды тартуунун өзгөчөлүктөрү, жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуунун шарттары боюнча ишкерлердин ой-пикирлери ортого салынды. Конференцияга президенттин администрациясынын башчысы Тойчубек Касымов келип катышып, бул чөйрөдө өзүн көргөзгөн 14 ишкерге президенттин ардак грамотасын тапшырды. Мындан сырткары ишкерлер кошунунун төрагасы Жыргалбек Сурабалдиевге “Даңк” медалы ыйгарылды. Жергиликтүү аналитиктер ишкерлердин бул жолку конференциясын бийликтин парламенттик шайлоолор алдындагы иш аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG