Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Жалалабад облусунда Аксы окуясы жана Үзөнгүкууш жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Облустун Базаркоргон жана Ноокен райондорунун шайлоочулары Аксы окуясы жөнүндөгү бир сааттык, Кытайга берилген Үзөңгүкууш капчыгайы жөнүндөгү жарым сааттык тасмаларды көрүп жатышат. Тасмалар 2002-жылдын 17-мартындагы жана Жалалабад, Ош, Бишкек шаарларына жасалган жөө жүрүштөр, окуя боюнча парламент менен өкмөттөгү талкууларды баян кылат. Үзөңгүкууш жери жөнүндөгү парламент депутаттарынын кыргыз жерине кандай күйүмдүү болгонун баяндайт. Тасмаларды көрсөтүп жүргөн “Атамекен” партиясынын тарапкерлеринин билдирүүсү боюнча Акысы окуясы менен Үзөңгүкууш маселеси өкмөттүк сыналгылардан убагында туура чагылдырбаганына көрармандар нааразы болууда. Тасмалардын элге тартууланышын жергиликтүү тартип сакчылары байкап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG