Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан жылга начарлоодо


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте америкалык IREX программасынын “Маалымдоо каражаттарынын туруктуулук индекси” деген темада тегерек үстөл жыйыны өттү. Эл аралык уюмдардын, белгилүү журналистердин жана эксперттердин катышуусунда өткөн бул жыйында Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан жылга начарлап бараткандыгы белгиленди. “Массалык маалымат каражаттары боюнча” мыйзам одоно түрдө бузулуп мамлекеттик эмес көз карандысыз маалымат каражаттарынын бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөнү айтылды. Ошондой эле маалымат каражаттарынын бүгүнкү абалы, алардын техникалык жабдуулары, журналисттердин кесиптик даярдыктары жана маалымат менен калкты камсыздандыруу маселеси талкууланды.

XS
SM
MD
LG