Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Кыргыз депутаттырынын пикиринде: “Украинанын Жогорку Соту саясий маанилүү чечим чыгарды”


БИШКЕК. “Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы боюнча аталган өлкөнүн Жогорку Сотунун чечими Украинанын жеке иши. Ал өлкөнүн ички маселесине кийлигишпейбиз”, деген пикирлерин билдирди кыргыз бийлигинин айрым өкүлдөрү. Ал эми Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Украинанын ички коопсуздугун сактап калуу үчүн Жогорку Соту саясий жактан маанилүү чечим кабыл алганын айтышууда. Бишкектеги айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Украинадагы президенттик шайлоонун 26-декабрда кайталанып өтүшүн колдоодо. Анткени, 21-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо украин бийлиги тарабынан жана борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген. Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн пикиринде, Украинадагы абал Кыргызстанда болбоосу үчүн, келээрки жылы өтүүчү президенттик шайлоо Конституциянын негизинде өтүүсү керек.

XS
SM
MD
LG