Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Президент Путин Бириккен Улуттарды реформалоо сунушун айтты


Орус президенти Бириккен Улуттарды реформалоо сунушуна каршы. Индияда расмий сапар менен жүргөн орус президенти Владимир Путин бүгүн журналисттер менен жолугуп, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча сунушка каршы чыкты. Уюмдун өзүнүн комиссиясы үстүбүздөгү аптада эки сунуш киргизген, анын биринчиси боюнча азыркы Коопсуздук Кеңешине дагы алты туруктуу мүчө-мамлекет кошулууга тийиш, экинчи сунуш боюнча Кеңешке Азия, Америка, Африка жана Европадан экиден жарым-туруктуу мүчө киргизилет, бирок эки сунуш боюнча тең жаңы мүчөлөр вето укугуна ээ болбойт. Путиндин айтымында, Кеңештин туруктуу мүчөлөрүнүн баары вето укугуна ээ болуш керек, антпегенде бардык мурдагы туруктуу мүчөлөрдүн дагы вето укугун алып салган жакшы.

XS
SM
MD
LG