Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Орус президенти Путин Индияда аскерий завод ачты


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Дели шаарында ракета чыгара турган жаңы заводду салтанаттуу ачты. Завод биргелешкен ишкана болот жана ал тууралуу келишим 1998-жылы түзүлгөн. Индияга 3-декабрда үч күндүк сапар менен келген Путин өлкөнүн премьер-министри Манмохан Сингх, тышкы иштер министри Натвар Сингх жана коргоо министри Пранаб Мухержи менен жолугуп, экономикалык жана аскерий тармакта кызматташуу маселелерин талкуулады. Эки өлкө ортосунда космос изилдөөлөрү боюнча дагы келишимге кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG