Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

“СОВЕТТИК НЕМИСТЕР” ГЕРМАНИЯДА ООР СЫНООЛОРДУ БАШТАН КЕЧИРҮҮДӨ


Кубат Оторбаев, Прага Ушул тапта Германияда мурдагы советтик республикалардан көчүп келишкен эки жарым миллиондой немистер бар. Алар түп аталары турган бул европалык мамлекеттин жашоо-тиричилигине ыңгайлашууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушууда. Өзгөчө алар ишке орношууда жана жергиликтүү адистер менен атаандашып эмгектенүүдө бир топ сыноолорго учурашат. Ал аз келгенсип улутчулдардын кодулап коркуткан мамилесин да көтөрүүгө туура келүүдө.

Германияга негизинен Орусия менен Казакстандан баргандар көп. Алардын аталары же чоң аталары Улуу ата мекендик согуш учурунда сталиндик бийлик тарабынан Орто азияга жана Сибирге сүрүлүп барып, жашап калышкан.

Алар совет бийлиги кулаган соң Германияга жапырт дүргүп көчүп бара башташты. Бирок убакыт өткөн сайын Европаны көздөй агылгандардын саны азайды. Мисалы, 1993-жылы 397 миң этникалык немис түп мекенине барса, 2003-жылы 70 миңдей гана адам Германиянын босогосун аттаган.

Мунун өзүнүн бир катар себептери бар. Алсак бийликтер мурдагы советтик республикалардан соңку жылдарда Германияга келип жаткандардын көбү немисче тумалак эле эч нерсе билбей тургандыгын айтышат. Алсак, 1993-жылы келгендердин 70 проценттейи немисче сүйлөшчү, азыр болсо 20 процентке жетип-жетпегени гана эне тилинде нан сурап жей алат. Ал аз келгенсип эми бир үй-бүлөдө бир гана немис болуп, калгандары башка улуттардын өкүлдөрү болгон көчмөндөр көбөйдү.

Ошондон улам көчүп келген немистер менен жергиликтүү немистердин ортосунда пикир келишпестиктер көп учурачу болду.

Герман бийликтери турмуш-тиричиликтеги жөөлөшмөйлөр саясий чатакка айлана электе деп, 1-январдан тартып жаңы эрежелерди киргизүүнү көздөп жатат. Эми ага ылайык Германияда жашоону каалаган иммигранттар немис тили боюнча сыноодон өтүшмөкчү.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Софи Ламброшини Германиянын чыгыш тарабындагы Витстоск шаарына көчүп барышкандардын жашоосу дал ушул тилге байланыштуу бир топ татаалдашып турганын айтат. Бул жерде бийликтер “советтик немистердин” проблемаларын угуп, аларды чечип туруш үчүн “Жолугушуулар үйүн” ачышкан.

63 жаштагы Эдуард Вульф ушул “Жолугушуу үйүнүн” ардактуу конокторунун бири. Ал эки жыл мурда аялы жана бир уул, бир кызы менен Казакстандан көчүп келип, Германияда жаңы жашоону баштаган. Аялына жана балдарына караганда өз тилинде жакшы сүйлөйм дегени менен Вульфтун немисчеси бир топ эле бузулуп калган экен. Анын айынан ал бир топ эле кыйналып жатканын жашырбайт. Эдуард Вульф көнүп калган орус тилинде сүйлөөнү артык көрдү:

-Биз бул жакка келип, акча алып жатабыз. Мен мисалы, өз эмгегим менен таппаган акчаны пенсия катары алып атам. Жумушка чыккым келет, бирок иш беришпейт. Азыр мен кечки сегизге чейин иштей баштадым – алып жатканымды актагым келет. Эмне үчүн бизди жергиликтүүлөр бөпөлөй бериши керек?

Үй-бүлөсүндө Вульф гана немисче чалып сүйлөйт. Ошондон улам турмуштары бир топ эле оор болуп жатканы жашыруун эмес. Мисалы Вульфтун колунан көөрү төгүлгөн уулу тилдин айынан машине оңдой турган станцияга киралган эмес. Анын ордуна ал азыр коңшу-колоңдордун велосипедин оңдоп, алаксып атат.

Немис бийликтери болсо азыр Германиянын өзүнүн тургундары жумуш орундарынын кыскарышынан жапа чегип жатканын айтышат. “Жолугушуулар үйүнүн” директору Дүппел айымдын пикири ага ачык далил:

- Бизде бир гана маселе боюнча проблема бар – жумуш орду үчүн күрөш. Сиз элдин “тыштан көчүп келгендердин санын кыскартып, жумуш орундарын сактагыла” деп айтканын көп угасыз.

Баардык жамандыктарды, анын ичинде жумуш орундарынын кыскарышын да келгиндерден көргөн схинхеддер “советтик немистерге” тиш кайрап турушат. Мындан 2 жыл мурда 19 жаштагы казакстандык немис жигит улутчулдардын курмандыгы болгон.

Германиянын бийликтери жумуш орундарынын тартыштыгын жөнгө салууга аракет кылып жатышат. Мисалы, көчүп келгендердин баарын эле бир жерге топтой бербей, алардын айрымдарын өлкөнүн чыгышына барып, бактысын сынап көрүүнү сунушташат.

Ошентсе да узак убакыт бою жумушсуз калып, жергиликтүүлөрдүн кодулап коркутуусунан чүнчүп калгандар дале арбын. 21 жаштагы Александр Орусиянын Казакстан менен чектешкен айылдарынын биринен 1 жыл мурда көчүп келген. “Мага “биринчи жыл оор болот” дешкен, бирок мен кыйынчылыкты эми сезип жатам” дейт ал көндүм болуп калган орус тилинде:

- Мен жумуш таба алган жокмун. Агам, аталаш байкем жана атам болсо социалдык жумушта иштешет жана ал болсо тапкан акчаларынын бир бөлүгү социалдык төлөмдөргө кетет дегенди түшүндүрөт. Алар жумасына 14 саат эмгектенишет жана саатына бир евро алышат. Алар чөп оруп, жалбырактарды кыркат.

Александрдын кесиби тракторист. Ал кодулап коркуткандардын жемесин азырынча көтөрүп жатканын айтат. Бирок жиндерине катуу тийсе схинхеддердин атасын таанытаарын да жашырбайт.

“Алар орустарга эми тийбейт деп ойлойм. Бизден коркушат. Сиз да аларга Экинчи дүйнөлүк согушту ким жеңгенин айтып койсоңуз” дейт Казакстандан Германияга жакшы жашоо издеп барган Александр.
XS
SM
MD
LG