Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:02

«ЧЕЧЕН СОГУШУНА» ОН ЖЫЛ


Муса Мураталиев, Москва Чечен согушунун башталганына туура он жыл толду. Так айтканда, 1994 жылы 26 ноябрде Чеченстан убактылуу советинин күчү орусиялык тик учмалар, брондуу техника, танктер менен Грозный шаарына чабуул жасаган.

Бирок ал чабуулдан майнап чыккан эмес. Эртеси Чеченстан борбор шаарынын көчөсү менен колго түшүрүлгөн орусиялык аскерлерди дудаевчилер айдап өткөрүп Кремлдин арына ого бетер тийген. Арадан үч күн өткөндөн кийин «Чеченстан жумуриятынын жерине конституциялык тартипти орнотуу» жарыясы астында ал жумуриятка орусиялык федералдык армиясынын бөлүктөрү киргизилип, согуштук аракеттер баштаган. Ошол он жылдан бери басылбай келе жаткан согушту токтотуу аракети менен жакында Орусиялык аскер энелери комитети демилге көтөрүп чыкты. Бирок анын натыйжасы кандай болору али белгисиз.

Стив Гутерман (STEVE GUTTERMAN) “Ассошейтед пресс” (Associated Press Writer) жазганга караганда,

он жыл ичинде Чечен согушунда курман болушкан тургундар, орусиялык аскерлер, козголоңчулар жана милиция эсеби 100,000 кишиге жеткен

Бүгүкү күнү орусиялык саясий төбөлдөр Чеченстан согушунун чыгышы Дудаевди бийликтен кетирүү аракетинен улам чыккан дешет. Ал кезде Орусиянын коргоо министири Павел Грачев кыжыры кайнап Кремлди тоотпой жүргөн генерал Дудаевге карата Грозныйды алыш үчүн парашюттук бир полк жетиштүү болот, - дегени алиге дейре кими-кимдин эсинде.

Азыр жарыя боло баштаган маалыматтарга караганда, ал күндөрү Москва бийлиги дудаевчилерге «оппозициячыл» күч уюштура коюп, так айтканда, 26-ноябрде Грозныйга капилеттен чабуул жазалыптыр. Көрсө Ичкерия жумуриятынын бийлиги Кремлдин кебин укпай калганда Грозныйга чабуул жасалса жеңиш оңой колго тийет деген генералдар болгон экен. Ошол чабуул туурасында ошол кезде Орусия федерациясы Жогорку советинин төрагасы болуп турган Руслан Хасбулатов эскерет:

Москва тез аранын ичинде куралдуу оппозиция уюшутура коюп, Дудаевди күч менен бийликтен кууп салуу максатта аларды (Грозныйга – ММ) жиберген, - деди.

Бирок аскерий төбөлдөр божомолу дудаевчилер тараптан төгүнгө чыгарылган. Ошондо (29-ноябрде) Кремль кожоюну Коопсуздук советин чакырып чукул чогулуш өткөргөн. Ошол жолу, мындайча айтканда, Ичкерия жумуриятына согуш ачуу документи кабыл алынган. Чогулушка катышкан он кишинин бири - ал кездеги Мамдуманын спикери Иван Рыбкин болгон. Ал күнкү олтурумду ал мындайча эскерет:

Борис Николаевич (Ельцин-ММ) эмнегедир менин көзүмө тигиле карап: «мунун акыры экинчи Ооганстан согушуна айланып кетпесе экен деп чочулайм»деген, - дейт.

Ал жолу коюлган катуу талап: Ичкерияда пайда болгон куралдуу жикчилдерди жоюу жана ал жумурият жеринде конституциялык тартипти орнотуу болгон экен.

Бирок он жылды артта калтырган ал согуш азыр да уланууда. Маселен ушул күнү да Грозныйдан учак менен Нижний Новгородго «200-чү жүк» жеткирилгени маалым болду. Бул жолку курамн болгондор биз бул макала башында айткан 100 миң кишинин катарынада жоктор.

Жакындан тартып саясатчылар менен аскерий төбөлдөр баса албаган согушту басмак болушуп Орусиянын аскер энелери комитети демилге көтөрүп атат. Алардын бири Натаплья Жукова:

Биз бул жылдары чечендердин курал менен ойногон дагы бир муунун өстүрдүк. Согуш орусиялык аймактарга да жаман адатты жаратып атат. Эмне дегенде (чечен согушунан – ММ) кайткан аскерлер киши өлтүрүүгө боло тургандыгын ал жактан сезип, көрүп айтып атышат, - дейт орусиялык аскер энелери комитетинин мүчөсү.

Ельцин тушунда ачылган согуш Хасавьюрт келишими менен саал тынчый түшүп кийин Путин бийликке келгенден тарта кайра уланган. Бирок анын акыры көзгө көрүнө турган эмес. Азыр аялдар комитети көтөргөн демилгени офицерлер сындап атышат.

Канткен менен дал ушул, орусиялык аскер энелери көтөргөн демилгеден тартып аскерий төбөлдөр арасында согуш эле эмес тынчтык деген да сөз айтылчу болду.
XS
SM
MD
LG