Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ТҮРК ЖАНА БАТЫШ БАСМА СӨЗҮ


Ушул өткөн аптада Түркиялык жана батшытык басылмалар, Россиянын президенти Б.Путиндин бүгүн башталган Түркия сапары жана Түркиянын ЕБке мүчө болуу жараяны негизги талкууну жаратты.

Россиянын президенти Владимир Путин, эки күндүк мамлекеттик сапар менен Түркияга келди. Түркияга келген Россиянын алгачкы президенти катары Путиндин бул сапары, Түркиялык жана батыштык басылмаларда "тарыхый сапар" катары мүнөздөлүп, бул эки өлкөнүн мамилелеринде жаңы бир баракты ачары тууралуу пикирлер билдирилүүдө.
Англис тилинде чыгуучу Turkish Daily News гезитинде жарыяланган бет ачар макалада, Путиндин сапарынын жүрүшүндө кол коюлуучу келишимдер тууралуу маалымат берилип, конок президенттин Анкарадагы сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде башкы орунду, Кавказдагы абал жана теги чечен Түрк атуулдарынын Чеченстандагы иш-аракеттери; ошондой эле, экономикалык маселелер ээлей тургандыгы билдирилген.

Hürriyet гезитинин жекшембидеги санында, чоң атасы Ленин жана Сталиндин ашпоозу болгон Владимир Путиндин өмүр баяны тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген. "Супер Конок" деген баш макала астында жарыяланган макалада, таң каларлык түрдө суук кандуу жана аз сүйлөгөн, Макиевелли деле кызганычта калтыруучу өлчөмдө принциптерин бекем кармаган Путин КГБнын кызматчылыгынан өлкөнүн президенттик тактына көтөрүлгөнү белгиленип, анын олтурган ордун сактап калуудагы эң эле жөнөкөй жобосу “биринчи болуп сен ур, душманың ордунан тура албасын” деген принцип экени билдирилет.
Макалада андан ары Путиндин жаштык жана окуу жылдары, КГБдагы карьерасы жөнүндө жазылып, авторитардык ыкмалар менен 4 жылдын аралыгында Россияны жөңгө салганы, жаңы орус олигархтарын тизеге чаап, Кавказда ‘шумкар’ саясатын жүргүзгөнү жана өлкөнү кайрадан борборчул, автократ башкаруу системасына карай бурганы бышыкталат.

Лондондо араб тилинде чыгуучу Al-Hayat гезитинин кечөөкүнкү санында дагы Путиндин Түркия сапарына сереп салган макала жарыяланып, тарыхтын түпкүрүнөн бери, бири бири менен эрегишип келген бул эки өлкөнүн, эми тарыхты жаңыдан жазыш үчүн тарыхтын калдыктарынан өзүн арылтуунун жолуна түшүүсү, кошуналык мамилелерди жакшыртып, эки тараптуу кызыкчылыктарды коргоонун принцибинде, өткөндүн жаракаттарын унутуунун акыл-эстүү жолун жолдой баштоосунан, араб өлкөлөрү өзүлөрү үчүн тийиштүү сабакты чыгарышы абзел экени айтылат.

Радикал гезитинин бүгүн чыккан санында болсо, Путиндин Түркияга келерден алдын Дели калаасында, АКШнын тышкы саясатын сындап айткан сөздөрүнө орун берилген. Гезитте жазылганга ылайык Путин Индияда чыгуучу бир гезит менен болгон маегинде, Буш администрациясын дүйнөгө ‘диктатуралык’ бир тышкы саясатты таңуулап жаткандыкта күнөөлөп, батыштык өлкөлөрдү терроризмге каршы күрөштө ‘кош стандарт’ колдонуп жаткандыкта айыптаган. Ал, “Ооганстан жана Иракта террористтердин артын куугандар, Чеченстандагы окуяларга кайдыгер мамиле жасап келе жатышат” деп, “бир уюлдук дүйнөдө аскердик принциптерди колдонууга далалат кылыш кыйла коркунучтуу натыйжаларга алып барышы мүмкүн” деп эскерткен.

Батыштык басылмаларда өткөн аптада кеңири талкууланган темалардын дагы бири бул- Түркиянын Евробиримдике мүчө болуу жараяны эле. Маалым болгондой 17–декабрда биримдиктин өкмөт жана мамлекет башчылары кышкы саммиттери учурунда, Түркиянын биримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө башта-баштабоо маселесин чечишет. 1999- жылдагы саммитте бекитилген токтом боюнча, Түркиянын алдына Копенгаген саясий критерийлери деп аталган, ошондой эле Түркиядан, бир топ саясий, коомдук жана экономикалык реформалардын ишке ашырылуусун талап кылган шарттар коюлуп, бул шарттар аткарылган абалда Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүлөрү кечиктилбей башталары билдирилген эле. Еврокомиссия октябрь айында жарыялаган билдирүүсүндө, Түркия критерийлерди толук аткарганын белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн башталуусун сунуш кылды. Түркиялык жана айрым батыштык басылмаларда, эми Евробиримдик Түркиянын алдына жаңыча талаптарды коюу менен, аны биримдикке албастыктын шылтоосун издеп жаткандыгы тууралуу чоң-чоң макалалар жарыяланууда.

Маселен Лондондо чыгуучу Financial Times дын өткөн аптанын башында чыккан санында жарыяланган макаласында, Евроконвенциянын Президиумунун мүчөсү, Испания парламентинин Европа Маселелери боюнча комитетинин төрайымы Ана Палачио, Түркиянын мүчөлүгүнө чечкиндүү каршылык билдирип келген Франциянын мурдагы президенти, Евроконвенциянын төрагасы Валерй Гисчард Д’Естаигндин пикирлерин четке какты. “Түркияны болгонундай кабыл алуунун убактысы келип жетти” деп баяндаган айым Палачио макаласында, “Таасири чоң бир Түркия биримдик үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Базардык потенциялынан тартып, энергетика ресурстарынын көч башында ойногон чоң ролуна чейин; биримдиктин келечеги үчүн турмуштук мааниге ээ Түштүк Кавказ жана Жакынкы Чыгыш аймактарына көпүрө боло алчу турумунан, адамзаттын сөзсүз түрдө маданияттар-аралык кагылышуунун туткуну болбой турганынын далили болушуна чейинки касиеттерин эсепке алганда Түркия Евробиримдике экономикалык жана стратегиялык чоң пайдаларды алып келмекчи”.
XS
SM
MD
LG