Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Украинада оппозиция менен бийликтин ортосундагы тирешүү дале уланууда


Өлкөнүн парламенти Шайлоо кодексине жана конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү 10 күн кийинге калтырды. Украин оппозициясынын лидери Виктор Ющенко ишемби күнү Киевде өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп, президент Кучма Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кызматтан бошотуп, жаңы комиссияны түзмөйүнчө, жана өкмөттү расмий түрдө таркатып, 26-декабрда өтүүчү шайлоонун жобосун бекитмейинче бардык сүйлөшүүлөр пайдасыз экенин белгиледи.
Бийликтен кетчү президент Леонид Кучма болсо оппозицияны шайлоо мыйзамдарын реформалоо жана мамлекет башчынын бийлик укугун чектөө боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мурда берген убадасынан тайды деп айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG