Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны кайрадан ишке киришет


Регламентке ылайык депутаттар ноябрь айынын акыркы аптасында адаттагыдай эле шайлоо округдарын кыдырып келишти. Бүгүн алар декабрь айында карала турган маселелерди аныкташат. Бирок, көпчүлүк байкоочулар парламент Парламенттик келерки шайлоо тууралуу жардык чыгары менен ишин токтоторун айтышууда. Жардык 10-декабрда чыгаары күтүлүүдө. Ал эми төрага Абдыганы Эркебаев парламент декабрь айынын этегине чейин иштери тууралуу маал-маалы менен айтып келатат. Мунун жөнү бар экенин депутат Токтокан Боронбаева минтип негиздеди:
- Ишти улантабыз. Анткени, алдыда кабыл ала турган бир топ мыйзамдар бар. Алардын ичинде 2005-жылдын бюджети, ага байланышкан мыйзамдар бар. Биз аларды кабыл алып беришибиз керек.

Кээ бир депутаттар декабрь айынын аягына чейин иштеген күндө деле маанилүү мыйзам долбоорлорун карап бүтүү мүмкүн эмес дешүүдө. Алардын катарында айрым энергетикалык ишканаларды менчиктештүүгө байланышкан программалар бар.
Ал эми бүгүнкү отурумун депутаттар укук коргоочу Турсунбек Акунга байланышкан акыркы окуяларды талдоодон баштаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG