Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

«УКРАИНА СИНДРОМУ» КЫРГЫЗСТАНГА САБАКПЫ?


Бүбүкан Досалиева, Бишкек Украинанын шайлоочулары 26-декабрда кайра добуш берүүгө даярдана баштады

Дүйшөмбү күнкү өкмөт жыйынында президент Леонид Кучма Жогорку Соттун кайрадан добуш берүү чечимин аткаруу керектигин жана Борбордук Шайлоо комиссиясынын тутумун өзгөртүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди. Ал эми Виктор Ющенконун жактоочулары талаптары аткарылмайын манифестациясын токтотпой тургандыгын билдирди. Украинадагы саясий кырдаал башка өлкөлөргө, анын ичинде парламенттик, президенттик шайлоо алдында турган Кыргызстанга кандай таасир берүүдө?

Украинанын президенти Леонид Кучма дүйшөмбүдөгү өкмөт жыйынында Верховна Рада өлкө Конституциясы менен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизген мыйзамдардын топтомун кабыл алса кол коюуга даяр экендигин, андан соң жаңы өкмөттү түзүүгө киришсе боло тургандыгын да жарыя кылды. Ошондой эле оппозиция президенттин укук милдеттерин кыскартууга макул болбосо Виктор Ющенконун өкмөттү таратуу талабын аткарбай тургандыгын кыйытты. Президенттин укук-милдеттерин кыскартуу менен азыркы бийлик өзүн сактап калат деп чоочулаган оппозиция талабынан кайтпай тургандыгын айтууда.

Өткөн жылдын ушул маалында Грузияда, эми Украинада болуп жаткан карама-каршылыктуу курч саясий окуялар азыр Батыштын жана КМШдагы бардык өлкөлөрдүн саясатчыларынын кылдат байкоосунда. Алардын баамында, бул кырдаал башка өлкөлөр үчүн жагымдуу да, жагымсыз да сабак болууда.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров алдыдагы парламенттик шайлоодо бийлик мыйзам бузууларга жол берсе Кыргызстанда Украинадагыдан да курч кырдаал түзүлөөрүн дүйшөмбүдө эскертти. Депутаттын айтымында, ага төмөнкү көрүнүштөр негиз берүүдө:

- Бийликтин азыр жер-жерлерде парламенттик жана президенттик шайлоону утурлап жүргүзүп жаткан аракеттери Украина, Грузия гана эмес, андан да күчтүү жагдайга алып барышы мүмкүн, - деген депутат Азимбек Бекназаров,- Себеби, акимдер, губернаторлор баш болуп алышып, ачыктан-ачык эле элди сатып алууга аркет жасап жатышат. Маселен, төртүнчү класстын окуучуларына чейинки жаш балдарга күндөлүк таратса, андан чоңдоруна календарь таратып жатышат. Карылар күнү деген шылтоо менен аксакалдардын ар бирине 100 сомдон таратып, аялдарды да жасалма майрам уюштуруп чогултуп добушун сатып алууга аракет кылып жатышат. Анын максатын элдин баары эле билип турат. Бирок, «эмне кылабыз, берип атат, алып атабыз» деп жатышат. Андан тышкары бийликтин өкүлдөрү жер-жерлерде элди уруу-урууга бөлүп, туу көтөрүп жатыптыр. Мисалы, кичинекей бир мундуз уруусу болсо ошол уруунун аксакалдарын чогултуп алып, «Мундуздун туусун көтөрөлү, мундуздун уулун депутаттыкка өткөрөлү» дешип, айылма айыл кыдырышып, уруучулук иштерди жүргүзүп жатышыптыр. Менин оюмча, ушулардын баары бийликтин бүгүнтөн эле шайлоону мыйзамсыз өткөрүү үчүн жүргүзүп жаткан даярдыгы. Ошондуктан, биз бийликке эскертип жатабыз. Эгер ага карабай дагы эле ошондой кадамдарга бара берсе кыргыз эли Борбордук Азияда биринчи ирет Грузиядагыдай же Украинадагыдай жол менен саясий катуу күрөшкө чыгат.

Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, бийликти алмаштыруу күрөшүнүн башында «Кыргызстан эл кыймылы» турат.

Палатанын дагы бир депутаты Өмүрбек Текебаевдин баамында, элдин Украинадагыдай нааразылыгын парламенттик, президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар пайда кылат:

- Бир гана шарт бар-эгерде шайлоонун жыйынтыктары бурмаланса нааразы болгон шайлоочулар көчөгө чыгышы мүмкүн.

Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева жер-жерлерде уюштурулуп жаткан иш-чаралар элдин добушун сатып алуу максаты менен эмес, социалдык мобилизация жылынын талабына ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Губернатор айым ошондой эле Кыргызстандын эли Украинадагыдай курч атаандашууга барбайт деген бекем ишенимде экендигин:

- Украинадагыдай окуялар Кыргызстанда эч убакта кайталанбайт. Ал жерде башынан ар кошкон эл жашайт. Анын үстүнө чет мамлекеттин акчасы көп келди. А бизде андай кырдаал жок,болбойт дагы жана биз болтурбайбыз. Украинада 49-50 миллион адам жашайт. А бизде болгону 5 миллион. Анан ансыз да аз эл ошондой жол менен кете турган болсо буга чейин жүргүзгөн жана өсүп-өнүгүп келаткан реформанын баары талкаланат да! Анын кимге кереги бар? Ал саясатчыларга гана керек. Ал эми жөнөкөй эл-журтка анын кереги жок жана андай жолго эч качан барбайт.

Ал эми депутат Адахан Мадумаровдун баамында, Украинанын Жогорку Соту шайлоонун экинчи турунун жыйынтыктарын жокко чыгарган чечим чыгарып, бул өлкөдө бийлик бутактарынын бири-бирине көз каранды эмес экендигин айгинеледи жана башка мамлекеттер ушундан жакшы сабак алууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG