Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

ПУТИНДИН РАСМИЙ САПАРЫ УЛАНУУДА


Аким Өзгөн, Түркия Россиянын президенти Владимир Путин жекшемби күнү кечинде, Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезердин чакырыгы аркылуу 2 күндүк расмий сапар менен Түркияга келди

Президент Сезер коногу Путиндин урматына Чанкайа президенттик сарайында кечки сый тамак уюштурду. Сый тамака, Түркиянын парламентинин спикери Булент Арынч, Премьер - министир Режеп Ердоган, армиянын штабынын колбашчысы генерал Хилми Өзкөк, бир катар министирлер жана оппозициядагы Жумуруят Калк Партиясынын лидери Дениз Байкал да катышты. Президент Ахмет Н. Сезер тамак учурунда айткан сөзүндө Путиндин сапары ‘тарыхый маанидеги окуя’ катары мүнөздөдү. Эки өлкөнүн ортосундагы саясий мамилелер улам өнүгүп баратканын белгилеп ал, бул көрүнүштүн экономикалык тармактагы мамилелерге да мүнөздүү болуусуна үмүт санаганын кошумчалады.

“Биз Россияны адамзаттын өнүгүүсүнүн ар бир сферасына зор үлүшүн кошкон бир цивилизация катары кабыл алабыз. Түркия Пушкинди, Толстойду, Рахманиновду жана бул улуу цивилизациянын көптөгөн башка өкүлдөрүн, бүт дүйнөнү анын ичинде Түркияны да байыткан универсалдуу баймана катары кабыл алат” деп билдирди Түркиянын президенти Ахмет Н. Сезер.

32 жылдан кийин Түркияга келген Россиянын алгачкы президенти болгон Владимир Путин болсо, Түркия менен Россия тыгыз жана кадимки кошуналар экенин баса белгилеп, эки өлкө бири бирине кылымдарды карыткан саясий жана экономикалык мамилелер, ошол эле кезде, эки еэдин бири бирине чийеленишип калган тагдырлары менен байланышып калганын билдирди.

“Биз бул жерге жигердүү чечимдерди кабыл алуу үчүн келип олтурабыз” деп баса көрсөткөн Россиянын мамлекет башчысы андан ары, Түркия менен Россиянын ортосундагы кызматташтык, амбциялуу максаттарды бутага коюп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жаткан бул эки өлкөнүн касиетине арзышы керек экенин билдирди. “биздин орток тарыхыбыздын трагедиялуу окуяларын эске алуу менен биргеликте биз өзүбүздүн жетишкендиктерибизди жана бири бирибизге көрсөткөн колдообузду да унутпайбыз” деген Путин, Түркийа калкынын өлкөнү заманбап жаатта жигердүү кадамдарды шилтеп келатканына суктангандыгын билдирди.
Путин бүгүн эрте менен, Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбарын коюп, Ата-Бейиттин атайын дептерине “Россияда Түрк калкынын улуу уулу Ататүрктүн жаркын элесине чоң таазим кылынат. Биздин алдыбыздагы озуйпа анын мурасын сактап анын жолун улантыш болуп эсептелет” деп жазды.

Андан ары Путин Түркиянын жетекчилери менен расмий сүйлөшүүлөрүн баштады. Президенттик резиденцияда мамлекеттик азем менен сыйга алынган Путин, аскерлерди “Мархаба Аскер” деп түркчө саламдады. Тосуп алуу аземине, парламенттин спикери Булент Арынч, тышкы иштер министири Абдуллах Гүл, мамлекеттик министир Күршад Түзмен жана коргоо министири Вежди Гөнүл да катышты.

Путин сапарынын жүрүшүндө, Президент Сезер, Түркиянын Премьер Министири Режеп Ердоган, ТИМ Абдуллах Гүл менен бир катарда, Түрк жана орус ишкер адамдар менен жолугушуу өткөрөт. Анын расмий сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде башкы орунду Чеченстандагы террор жана эки өлкөнүн ортосундагы энергетика соода-сатык маселелери ээлемекчи. Бул тарыхый сапардын чегинде ошондой эле, эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча 7 айрым келишимге кол коюлуусу күтүлөт. Путиндин сапары, Түркияда жашаган теги чечен жарандардын нааразычылык билдирген демонстрациялары менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG