Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Сауд Арабстандын кооопсуздук кызматынын кабардашынча, бүгүн (дүйшөмбүдө) Жидда шаарындагы америкалык консулдукка кол салган куралчандардын үчөө өлтүрүлүп, экөөсү камакка алынды. Жалпысынан, бери дегенде он эки киши набыт болду. Арийне, окуянын чоо-жайы дагы эле белгисиз кала берүүдө.

Сауд Арабстандын өкмөтү АКШ элчилигинин консулдук бөлүмүнө кол салуу аракетин жасаган жоочулардын чабуулунун мизи кантип майтарылгандыгын азырынча кеңири баяндай элек.

Расмий өкүлдөр кабарчыларга кырдаал калыбына келтирилди деген кыска гана жообун билдирди. Ички иштер министрлигинин айтымында, кагылышуунун натыйжасында бери дегенде жети киши өмүрүнөн ажыраган. Алардын төртөө - коопсуздук кызматкерлери, бешөө - консулдукта иштеген америкалык эмес кызматкерлер, үчөө - кол салган жоочулардын өкүлдөрү. Эки жоочу камакка алынганы да кабардалууда. Сауд арабстандык бийликтердин айтымында, америкалык атуулдар бул кол салуудан жапа чегишкен жок.

Кайсы саясий топ Жиддадагы АКШ консулдугуна каршы чабуулду уюштургандыгы азырынча анык эмес.

(Сүрөт AFP агенттигине таандык).


Өлкө бийлиги «ал-Кайида» террордук тармагына кирген жана ага мүдөөлөш уюмдар менен кыйла убакыттан бери күрөш жүргүзүп келет.

2003-жылы май айында эр-Рияддагы террордук жардыруунун айынан 35 киши набыт болгон. Андан бери 170тей киши террорчулардын колунан өлдү, алардын ичинде чет өлкөлүктөр да бар.

Өлкөнү иш жүзүндө бийлеп жаткан канзаада Абдулла бин Абдул Азиз алты ай мурда Хобар шаарындагы мунай зат ишканасына кол салгандарга жана алардын уюштуруучуларына каршы мындай деп эскертүү кылган:

- Сауд Арабстанда мындай окуяларды мындан кийин болтурбоо - өз атуулдарыбыздын да, өлкөдө жашаган башка тургундардын да кызыкчыгына төп келет. Исламга тийешеси бар, адамгерчиликке жана ар-намыска ээ болгон бардык киши бул кылмышты жасагандарга ырайым кылбайт.

Хобардагы чабуулдун айынан 22 киши набыт болгон эле.

Сауд Арабстандын өкмөтүнө каршы терррордук күрөш жүргүзүп жаткан «ал-Кайида» сыяктуу топтор өлкө бийлигин коррупцияга белчесинен батты жана ислам жаралган өлкөнү уят кылып, дини буруу техниктер менен ишкерлерди өлкөдө жайнатып жиберди деп айыпташууда. Алар бийликтеги сулалени кулатууну көздөөдө.

Сауд Арабстандын суннизмдин ваххабийлик жолун туткан бийликтеги сулалеси эл аралык террорго каршы күрөштө Кошмо Штаттар менен кызматташып келет.
XS
SM
MD
LG