Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

ШАЙЛОО: ЭРКИН БАСЫЛМАЛАРДЫН ТАГДЫРЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда Парламенттик шайлоого 3 айга жетпеген убакыт калды. Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлүп, өкмөттүк маалымат каражаттарына артыкчылык берилбейби деген маселе коомчулуктун көңүлүн бура баштады. Кошуна Казакстандагы парламенттик, Украинадагы президенттик шайлоо учурунда маалымат каражаттарына жасалган мамиле Кыргызстанда да кайталанат деген көз караштар да жок эмес.

Казакстанда болуп өткөн соңку шайлоодо бийликчил партияларга артыкчылык берилип, алар атаандаштарына караганда мамлекеттик маалымат каражаттарынан арзан баада, эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга мүмкүнчүлүк алган эле. Ал эми Украинадагы Президенттик шайлоодо да оппозиция тарап маалымат мейкиндигинде кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болбогондугу айтылп келет. Мына ушундай эле абалга Кыргызстан да туш болот деген көз карашты айрым байкоочулар күн мурунтан белгилешет. Бирок мындай көз караштар менен макул болбогондор да бар. Мындай көз караштагылардын бири “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаров:

Мен ал ой менен макул эмесмин. Бизде азырынча баары эле жакшы. Эч кандай кысым байкалбайт. Менин оюмча кийин деле ушундай эле болот го. Себеби бизде сөз эркиндиги бар. Баарыбыз эле ар жак бер жагын ойлонуп ар ким өзүнүн жазган макаласына жооп берет да. Ошон үчүн бизде андай болбойт го деп ойлойм. Ал эми эркин гезитпиз деген гезиттин өзү эркин эмес экени белгилүү. Алар бир адамдын сөзүн сүйлөгөндүктөн шайлоо алдында ошондой гезиттер күчөйт деген ойдомун.

“Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаровдун мындай пикири менен “Жаңы кылым” гезитинин башкы редактору Марип Тайчабаров кошулалбайт эмес. Анын ою боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда эркин маалымат каражаттарына бийликтин кысымы күчөйт.

Албетте күчөйт. Шайлоого байланыштуу терс көрүнүштөрдү биз сөссүз чагылдырабыз. Нааразычылыктар болот. Ошондо бийлик тарабынан бизге терс мамиле болоору анык. Анан эң башкысы эркин басылмалар элдин көйгөйүн ачык чагылдырат. Бул бийликке жакпайт. Ошон үчүн эркин басылмаларга алдын ала бут тосуулар болот. Мисалы, мен гезитти ачканда эле бут тосууга туш болдум. Анан мага бир окурман кайрылып жатпайбы, учурда жети гезитти жабуу боюнча иликтөө жүрүп жатыптыр деп, эми аны учурунда көрөбүз. Анан дагы бир көрүнүш, өкмөт, бийлик тарабынан өткөрүлгөн ар кандай жыйындарга эч качан биз чакырылбайбыз. Менимче кысым болоору анык.

“Жаңы кылым” гезитинин башкы редактору Марип Тайчабаровдун мындай пикири менен бир катар эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү макул. Ал эми Кыргызстандагы чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын ишмердиги шайлоо учурунда чектөөгө алынат. Андыктан шайлоо учурунда төртүнчү бийлик өкүлдөрүн патриоттуулукка үндөп, жакшылыгын жайылтып, жамандыгын жашыралы дегендер да жок эмес. Мындай көз карашты “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Абдиламит Матисаков да карманып келет.

Ушул жерден өзүбүздүн жаза басууларды андан ары жарга түртүп жибербей, абдан бир терең ойлонулган, терең патриоттуулук, акыйкаттык, калыстык менен ушуга барсак деген ойду айткым келет. Ушу шайлоолор бизди дүйнөгө, мына бүгүн Украинадагы, Белоруссиядагы окуялар кандай дүңүнөн дүңгүрөтүп атат, анан ошол сыяктуу болбой, биздин шайлоолор жакшы жагы менен, үлгү жагы менен дүйнөгө таркаса деген ойду айткым келет. Ызы-чуулуу жерден береке да качат, ырыс да качат - дейт Абдиламит Матисаков.

Айрым байкоочулардын ырастоосуна караганда шайлоого чейин эле маалымат кармашы күчөй баштады. Бул коомдо жик салууну ырбатышы мүмкүн деп эсептейт айрым эксперттер.
XS
SM
MD
LG