Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Абхазияда 13-январга чейин жаңы шайлоо өтөт


Грузиянын автономиясы – Абхазияда 13-январга чейин жаңы шайлоо өтөт. Бюллетенге октябрь айында президенттикке атсалышкан Сергей Багапш менен Рауль Хаджимбанын ысымдары киргизилет. Багапш автономиянын президенттигине, ал эми Хаджимба анын орун басарлыгына – вице-президенттикке элден макулдук сурашат. Эки талапкер мындай мунасага 6-декабрда келишти жана ага ылайык вице-президенттин бийлик укуктары кеңейтилип, президенттикине жакындатылат.

Анын аралыгында 6-декабрда Абхазиянын борбору – Сухумиде 4 башка жерде удаама-удаа жардыруулар болду. Жапа чеккендер жок. Багапш дагы, Хаджимба дагы жардырууларды айыпташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG