Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

БАЛДАР ЖАКЫРЧЫЛЫГЫ... СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


БУУ нун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 жашка чейинки айылда жашаган балдардын 60%, ал эми шаарда жашагандардын 54% жакырчылыктын чегинде жашашат. Бул маалымат 6-декабрда Бишкекте өткөн «Балдардын жакырчылыгы: аны жоюу боюнча натыйжалуу стратегиялар» деп аталган улуттук конференцияда айтылды. Конференция ЮНИСЕФ, БУУ нун өнүгүү программасы, Британиянын өнүктүрүү агенттиги жана «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.

Балдардын жакырчылыгы алардын керектүү тамак-аш менен жетишерлик нормада тамактанбагандыгы, сабатсыздыгы, түрдүү оорулар менен ооруган учурда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, ошондой эле мектепке барууга окуу куралдарына, кийим-кечелерине каражаттын жоктугу менен шартталат. Мындай балдардын көпчүлүгү көп балалуу үй-бүлөлөлөрдөн, ата-энеси жумушсуз, оорукчан же болбосо тапкан акчалары үй-бүлөсүн бакканга жетпеген социалдык топту түзөт. Конференциянын жүрүшүндө бүгүнкү күндө мектепке барбай же, билим алуу менен кошо эле иштеп, өздөрүн жана бир туугандарын багып жаткан балдар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фондусунун төрайымы Майрам Акаева, вице-премьер-министр Токтобүбү Айтикеева жана айрым министрлердин жолугушуусу болду. Анда жакырчылыктын чегинде жашаган балдар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, бийлик өкүлдөрүнөн чечип берүүнү өтүнүштү. 12 жаштагы Расул «Дордой» базарында араба түртөт. Анын айтымында базарда иштеген балдар тартип коргоо кызматкерлеринен көп кордук көрөт:

Биз базарда иштеп жүрсөк милиция кызматкерлери келип, «рейд» деп кармап, автобуска салып кетишет да анан артыбыздан барган ата-энелерибизден акча алып туруп, анан гана коё беришет. Апаларыбыз биздин күбөлүктөрүбүздү көрсөтүшүп, андан тышкары 50-100 сом акча беришет. Эмне үчүн алар минтишет?

-дейт Расул. Балдардын көпчүлүгү «Балдарды коргоо борбору» деп аталган бейөкмөт уюмдун кийлигишүүсү менен орто жана кечки мектептерде окушат. Балдардын айтымында мектепте мугалимдер ремонт, класстык фонд жана башка нерселерге деп көп акча чогултушканы кыйнайт. Бул тууралуу 14 жаштагы Зыягүл төмөнкүчө айтты:

Биздин мектеп жаңы эле курулду, бирок ошого карабай биздин мугалимдер ремонтко деп 300 сомдон апкелгиле деп кыйнашат. Андан тышкары башка мугалимдердин туулган күндөрү болуп калса, аларга белекке акча дешет. Биз тамагыбызды араң таап жеп жатсак, кайдан таап беребиз? Биз бөлүп берели десек көнбөй, башка окуучулардын алдында басынтышат


-деди Зыягүл. Балдарыдын бул көйгөйү тууралуу суроого жооп ошол эле жерде берилди. Вице-премьер-министр Токтобүбү Айтикеева:

Колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдары мектептеги бардык төлөмдөрдөн бошотулган. Эч бир тыйын төлөбөшүңөр керек, бул мыйзамдын иштегенине беш жыл болуп калды


деди Токтош Айтикеева. Балдарды мектепте акча чогултуу гана эмес, мугалимдер тарабынан моралдык жактан басынтуу да кыйнаары тууралуу да сөз болду. 16 жаштагы Азаматтын айтымында жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке начар кийинип барат, ал эми айрым мугалимдер аларды кийимдери үчүн кемсинтет:

Биз мектепке болгон кийимибизди кийип барабыз. Анан айрым мугалимдер ортого чыгарып алып, балдардын көзүнчө «Сенин атаң иштебейби? Мамаң жокпу? Түзүгүрөөк кийим сатып бербейби?» деп классташтарыңдын алдында басынтышат. Чындыгын айтсам, ошондон кийин такыр окугуң келбей, билим алгың келбей калат экен. Ушундай басынтылган балдар анан «окубайм, иштейм, болду базардан чыкпайм» деп айтып калышат

-деди Азамат. Анын сөзүн Зыягүл коштоду:

Кээ бир мугалимдер бизди түштүк-түндүк деп бөлүп мамиле жасашат. Бизди тентип келгендер деп классташтардын алдында мазакташат. Анан кантип окугуң келет?

-дейт Зыягүл. Билим берүү министри Мустафа Кидибаев андай мугалимдерге чара көрүлөөрүн айтып, убадасын берди. Министрдин айтуусунда балдар үчүн мектеп-интернат ачуу мүмкүнчүлүгү бар:

Эгер окуйбуз, билим алабыз десеңер, биз мектеп-интернат ачып окутканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол эле интернатта кесиптик багыт берүүчү курстарды да ачып берет элек. Макул болсоңор, келерки окуу жылына даярдайлы


-деди Мустафа Кидибаев.
Конференцияны уюштуруучу донорлордун бири ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ричард Янгдын айтуусунда болгон каражаттын бардыгы балдардын жакырчылыгын жоюуга арналамакчы:

Учурда ЮНИСЕФ тарабынан жасалып жаткан иштердин баары балдардын жакырчылыгын жоюуга арналган. Биз буга дагы башка эл аралык донорлорду тартууга да аракет жасап жатабыз. Бул конференция балдардын жакырчылыгын жоюуга арналып бөлүнгөн каражаттарды топтоого жардам берет деп ойлойм

-дейт Ричард Янг.
Конференция ишин эртең да улантат. Конференциянын аягында балдардын кызыкчылыгы үчүн инвестицияларды тартуу, үй-бүлөдөгү акыбалды жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүүгө бюджетти көбөйтүү жана балдар эмгегинин көйгөйлөрүн чечүү боюнча резолюция кабыл алынуусу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG