Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Украина оппозициясы шайлоого 2000 байкоочу сурады


Украина оппозициясы 6-декабрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кайрылып, 26-декабрдагы шайлоого 2000 байкоочу сурады. Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин 6-декабрда Софияга чогулган тышкы иштер министрлери Украинадагы кризисти токтотуунун жолдорун талкуулашты. Нидерланддардын тышкы иштер министри Бен Бот Евробиримдиктин атынан сөз сүйлөп, уюмга мүчө мамлекеттердин баардыгын Украинада 26-декабрдагы президенттик кайра шайлоого байкоочуларды жиберүүгө үндөдү. Ал арада Швециянын тышкы иштер министри Лэйла Фрейволдс ырасмий Стокгольм Киевге 30 байкоочу жөнөтөөрүн билдирди. Украин оппозициясынын өкүлү, мурдагы тышкы иштер министри Борис Таразюк шайлоонун бурмалоолорсуз өтүшүн камсыз кылыш үчүн мурдагыдан да көп байкоочулар керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG