Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Жидда шаарындагы Кошмо Штаттарынын консулдугуна кол салынды


6-декабрда Сауд Арабстандын Жидда шаарындагы Кошмо Штаттарынын консулдугуна кол салуу болду. Америка элчилигинин жооптуу кызматкери Карол Кейлин АКШнын жарандары андан жапа чеккен жок деп билдирди. Сауд Арабстандын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда экстремисттер консулдукка алгач жардыруучу зат ыргытышкан. Андан кийин жергиликтүү 4 кароолчу-полицейди атып туруп имаратка кирип, бир нече адамды барымтага алган.

Акыркы кабарларда кол салгандардын үчөө өлтүрүлүп, дагы экөө колго түшүрүлгөнү айтылат. Сауд Арабстандын канзаадасы Абдулла бин Абдул Азиз кол салууну айыптап, мындай жырткычтыкты эч бир дин, эч бир акыл-эси жайында адам колдоого албайт деп билдирди:

- Мындай каргашалардын кайталанбашы Арабстандын жана анда жашаган адамдардын кызыкчылыгындагы иш. Исламга тийешеси бар жана тийешеси жок акыл-эси жайында адамдардын баардыгы мындайды кечирбейт.

Анын аралыгында АКШнын Эр-Рияддагы элчилиги жана Дахрен шаарындагы миссиясы катуу кайтарууга алынды. АКШнын президенти Жорж Буш кол салууну айыптады.

Сауд Арабстан Кошмо Штаттарынын “Ал-Каидага” каршы күрөштөгү өнөктөшү, ошондон улам кол салуунун артында анын мүчөлөрү турат деп айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG