Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

ЖАПОНДУК АДИСТЕР КӨЛ КЫЛААСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ СХЕМАСЫН КАНДАЙ КӨРӨТ?..


Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Жапон өкмөтүнүн JICA агенттигинин изилдөөчүлөр тобу Көл кылаасын өнүктүрүүнүн башкы схемасын иштеп чыкты. Анда аймактын экологиялык абалына доо кетирбей жылына 1,5 миллионго жакын эс алуучуларды кабыл алуу, кызмат көрсөтүүгө шарт түзүү маселелери иликтенген.

Жапон өкмөтүнүн Кыргызстанга көрсөткөн жардамы JICA агенттигинин изилдөөчүлөр тобунун бир жылдык ишинин каржылык чыгымын толугу менен өз мойнуна алгандыгы болду. Жапон адистери Көл кылаасында жашаган элдин жашоо-шартын кылдат иликтеп чыгып, табиятка доо кетпегидей өлчөмдө туризм индустриясын өнүктүрүү долбоорун сунуш кылды.

Изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Коизуми Хажимба мырзанын айтымында, бул иште негизги көңүл таза суу проблемасына бурулду. Бул максатта Балыкчы, Чолпоната, Караколдогу суу тазалагычтарды оңдоо, көлгө куюлган суулардын тазалыгына көз салуу, өзүн-өзү тазалап турчу Ысыккөлдү акир-чикирден арылтуу иши жакшы жолго коюлушу зарыл.

- Бул жерде баарын катыштыруу усулун колдонуу керек. JICA агенттигинин аракети менен Көл кылаасын өнүктүрүүнүн негизги планы иштелип чыкты. Анан бул ишти жүзөгө ашырууда чөлкөм кызматташтыгына Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзара алака-катышын күчөтүүгө маани берүү зарыл, - деп айтты жапон изилдөөчүлөр тобунун жетекчиси Коизуми Хажимба.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев жапон адистеринин жардамы менен Көл кылаасын өнүктүрүүнүн негизги схемасы иштелип чыкканын белгилеп, анда жазылгандарды ишке ашыруу түйшүгү өкмөттүн эмес Ысыккөлдү өнүктүрүү корунун мойнуна жүктөлөрүн айтты:

- Негизги жүк өкмөткө эмес, жаңыдан түзүлүп аткан коомдук уюм - Ысыккөлдү өнүктүрүү коруна жүктөлөт. Ага мамлекеттик структуралар, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү жамааттар кирип, маселе жалпы отурумда талкууланат. Жаңы түзүмдүн катчылыгы дайындалып, ал облустук акимчиликтин алдында иштейт. Катчылыктын милдети - отурумда талкуланчу маанилүү маселелерди тактап, документтерин даярдоо.

Николай Танаевдин ырасташынча, Көл жээгинде жыл бою бир жарым миллион эс алуучуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

- Негизи үч вариант сунуш кылынган. Көлдүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн эң төмөнкү, ортоңку, жогорку деңгээлдери аныкталган. 1 миллион 800 миң эс алуучу эң жогоркусу. Биз анын ортоңкусун алдык. Бир миллион 500 – 600 миң адам. Бирок бул азырынча болжолдуу гана сан. Биз ал жерде асман тиреген үйлөрдү салбайбыз. Бирок да сезон маалында алдагыдай адам кабыл алууга болот, - дейт Николай Танаев.


Ысыккөл облус губернатору Токон Шайлиева 2025-жылга чейин эсептелген жаңы илимий негиздеги планга оголе чоң үмүт артарын жашырган жок.

- 2025-жылга чейин бул жерге абдан көп суммадагы акча келет. 4–5 жылдын ичинде эле 70 миллион ашуун акча болот, 70 долбоор ишке киришет. Бул эң биринчиси. Азыр эле Көлдө жүздөн ашуун пансионат бар эмеспи. Кудай буюрса, алардын саны 150 жетет. Эркин экономикалык аймак деп атпайбызбы. Аны Тамчынын тегерегине көчүрдүк. 2-3 миллиард инвестиция келет. 3–4 күндүн ичинде анын тагдыры чечилет, - дейт Токон Шайлиева.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Анвар Турсунов эларалык туризмди өнүктүрүү үчүн Ысыккөл өзгөчө орунга ээ аймак деп эсептейт.

- Заман өзгөрүп мурунку пландар иштебей, башаламандык бул жерди да каптай
баштаган. Башында жалпы союздук ден соолук чыңоочу жай болсо эми эларалык туризмди өнүктүрүүчү аймак. Башкы план мына ушул максатта иштелип чыкты, -
дейт Анвар Турсунов.
XS
SM
MD
LG