Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

КЫРГЫЗСТАНГА ЕВРОБИРИМДИККЕ МҮЧӨЛҮК РЕАЛДУУЛУКПУ ЖЕ КЫЯЛБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан Евробиримдикке кириш үчүн алгач саясий чечим кабыл алышы керек, андан кийин узак убакыт жана талыкпас мээнет талап кылынат. Эл аралык эксперттер бүгүн Бишкекте ушундай пикирди билдирди. КМШ боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна алгачкылардан кирген менен Кыргызстандын Евробиримдикке мүчөлүккө кирүүсү ченелүү деп эсептешет жергиликтүү эксперттер.

Евробиримдикке Кыргызстан качандыр бир мезгилде кире алабы же жокпу, бул - оор суроо. Эл аралык эксперттер бул уюмдун талаптарына Кыргызстан эмитен шайкеш келүүгө аракет көрө баштаганы оң дешет. Грекиядагы «Европа профили» деп аталган уюм Евробиримдик жарыяланган тендерди жеңип алгандан кийин Кыргызстанда эки жылдык долбоор менен иштеп жаткан кези.

Евробиримдиктин талаптарына кыргыз мыйзамдарын ыңгайлаштырып, дүйнөлүк экономикага кошулууга түрткү болуу, сырттан инвестиция агымын арттыруу жана тышкы сооданы өстүрүүгө салым кошууга аракет көрүшмөкчү.

Ар кайсы өлкөдөн келген эксперттер бул долбоордун алкагында кыргыз бийлигине сунуштарын айтат. Мисалы, Фабиэн Азиани өз мекени Франциядагыдай экономикалык чалгындоону өркүндөтүү зарылдыгын белгилейт. Экономикалык чалгын кызматы турмушка кирсе коррупциянын өнүгүшүнө бут тосууга негиз түзө алмак деп белгилейт Фабиен Азиани.

Грекиядан келген Маркантони Атина айымдын айтымында, бул долбоордун чегинде кыргыз чиновниктери Грекияда тажрыйба алмашууга барып келишүүдө.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси Рафкат Хасановдун айтымында, Грекия жана башка бир катар өлкөлөрдөгүдөй, инвестицияны алып келүү боюнча агенттик түзүү зарыл. Мисалы, Грекияда мындай агенттик мамлекеттик жана демөөрчүлүк каражаттын эсебинен жашайт. Рафкат Хасанов JICA, Швейцария кызматташтык уюму өңдүү эл аралык уюмдарга кайрылып кыргыз бийлиги ага каражат издеп атканын айтат.

Бул долбоор Евробиримдик менен Кыргызстан ортосунда 1995-жылы кол коюлган шериктештик жана кызматташтык боюнча келишимди жүзөгө ашырууну көздөйт. Буга Евробиримдик 2 миллион евро каражат бөлгөн. Бул долбоордун жетекчиси Ания Франсистин айтымында, экономикалык маселерден сырткары калктын маалымдуулугу, атуулдук коомдун таасирин күчөтүү өңдүү багыттарда агартуу иш-чаралар да аткарылууда.

Ал эми Маркантони Атина Кыргызстан келечекте Евробиримдикке кириши ыктымал, бирок ага көп убакыт жана саясий эрк керек деп санайт:

- Бул деген саясий чечим. Азыр Кыргызстан Европа биримдигине жакындап баратат. Бул нерсе реформалар алдыга жылышы жана туруктуу өнүгүшү үчүн жарандык коом жана өкмөт тарабынан чоң аракеттер жумшалышы керек. СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна биринчи кирген. Андыктан мен чыдамкайлык менен иштешибиз керек деп айткым келет.

Бирок, айрым эксперттер Евробиримдик улутуна жана расасына карабаганы менен, карызга белчесинен баткан жарды Кыргызстан бул уюмга кирүүгө дарамети ченелүү дешет. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Кыргызстан үчүн бул ишке ашпаган кыял деген ойдо:

- Европа мамлекеттери өздөрү кире албай жүрөт. Мисалы, Түркия канча жылдан бери аракет кылып келатат. Евробиримдикке кириш үчүн катуу талаптарга жооп бериш керек. А Кыргызстан болсо азыркы кебетеси менен бул жөнүндө кыялданбай эле турса болот.

Евробиримдикке учурда 25 мамлекет мүчө. Ал эми бул уюмга КМШдан азырынча бир да мамлекет кире элек.
XS
SM
MD
LG