Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Дүйшөмбүдө Сауд Арабстандын порт шаары Жиддада жайгашкан америкалык консулдуктун имараты террордук чабуулга алынды. Бул чабуулдун айынан бери дегенде тогуз киши набыт болду. Соңку окуя саудиялык бийликтер үчүн террорчу топторду ооздуктоо дагы эле олуттуу көйгөй бойдон кала берип жатканын айгинеледи. Жиддадагы окуя бул падышалыктын аймагындагы элчиликтердин бирине каршы жасалган алгачкы террордук чабуул катары кызуу талкууга алынууда.

6-декабрда Жидда шаарындагы АКШнын консулдугунун имаратына жасалган террордук чабуул алты айдан бери өлкөдө өкүм сүргөн коопсуз кырдаалдын быт-чытын чыгаргандай болду. Бери дегенде он үч жоочу жүзөгө ашырган бул чабуул үстүбүздөгү жылдын жаз мезгилинен бери алгачкы жолку чет өлкөлүктөргө каршы кол салуу аракети болуп саналат. Ошондой эле ал Сауд Арабстан падышалыгындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүккө каршы багытталган алгачкы чабуул да болуп калды.

Быйыл май айында Хобар шаарында террорчулардын кол салуусунун айынан 22 киши өлгөн, ал эми июн айында ордо шаар эр-Риядда АКШнын бир компаниясы үчүн иштеп жаткан Пол Жонсон деген инженер террорчулар тарабынан барымтага алынып, кийинчерээк анын башы алынган.

Сауд Арабстан бийлиги террорчулар деп шектелген кишилердин көбүн май айынан бери камакка алдык же өлтүрдүк деп келет. Бирок соңку окуя жергиликтүү бийликтердин террорчулардын уюгу талкаланды деген ырастоосун жокко чыгаргандай болду, дейт париждик адис Уолтер Пош.

- Бул кол салуу террорчулар өлкөдө дагы эле иш-аракет жүргүзүп жатканын, ошондой эле элчиликтер дайыма коогалаңдуу кырдаалда кала берээрин көрсөткөн бир белги, ишаара болду.

«Ал-Кайида» терррорчулар тармагынын саудиялык бөлүмүнө таандык делген интернет баракта «шейит кеткен Абу Аннас аш-Шаминин кошууну» Жиддадагы чабуулду жүзөгө ашырды» деп айтылат. Бирок бул интернет барактагы маалыматтын анык же анык эместигин тактоого мүмкүн болгон жок.

Жиддадагы чабуул маалында элчиликте кызмат кылган беш киши жана төрт жоочу өлтүрүлгөнү айтылууда. Саудиялык бийликтер төрт жоочунун үчөөнүн ким экендиги такталганын билдирди. Алардын эч бири өкмөт издөө салган терррорчулардын тизмесинде болгон эмес. Жоочулардын огунан набыт болгон консулдук кызматкерлери йемендик, судандык, филиппиндик, пакистандык жана шри ланкалык атуулдар болгон.

Бул чабуул саудиялыктар үчүн да, АКШнын коопсуздук кызматтары үчүн да күтүлбөгөн жерден жасалганына серепчилер өзгөчө маани берүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын басма сөз өкүлүнүн орун басары Адам Эрели Жиддадагы чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалыматы менен кабарчыларга мындайча бөлүштү:

- Кол салгандар консулдуктун короосуна машинелери менен дарбазалардын бири аркылуу кирип келүүгө далаалаттанышкан. Бирок коопсуздук чаралары көрүлүп, аларга короого кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Алардын унаалары токтотулган соң, алар машинелеринен түшүп, аткылай башташты жана жөө кирип келүү үчүн аракет кылышты.

Эрелинин айтымында, жоочулар күндүз эле консулдукка ачыктан-ачык чабуул койгон. Алар сырткы коргондон өтүп келишкен, бирок консулдуктун эч бир имаратына караандай алышкан эмес.

Серепчилер, бир чети, эр-Рияддын «өлкө - коопсуз» деген расмий билдирүүсүнө күмөн менен караса, экинчи чети, жергиликтүү өкмөттүн террорчулукка каршы чечкиндүү даярдыгын да белгилөөдө. Маселен, Жиддадагы чабуул башталгандан анча көп узабай эле, саудиялык коопсуздук күчтөрү окуя болгон жерге ыкчам жетип келишкен.

Кошмо Штаттар Сауд Арабстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн убактылуу жапканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG