Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстандык жаш шахматчылар Сингапурга барат


БИШКЕК. Сингапурда 10-декабрда өтүүчү шахмат боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан 4 жаш шахматчы катышат. 14 жашка чейинки курактагылар боюнча Козубай уулу Азамат, 12 жашка чейинкилер арасында Марс уулу Дан, 8 жаштан төмөнкүлөр боюнча Асанкулов Эстебес, Чыңгыз кызы Айжаркын 12 жашка чейинки кыздар арасында ат салышат. Бул тууралуу Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришти. Өспүрүмдөр арасындагы шахматтык турнирге 23 мамлекеттин жаш шахматчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

8-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 8-декабрда республика боюнча ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн –5…-10 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ аймактарында түнкүсүн –3…-8 градус суук, ал эми күндүз +5 градустан +10 градуска жылыйт.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –4…-9, чыгыш тарабында –12 градуска чейин суук болот. Күндүз +2…+7 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн –12ден –17 градуска чейин суук болуп, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу болушу күтүлөт.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн –4…-9 градус суук, күндүз +5…+10 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ түнкүсүн –6…-8 градус суук, күндүз сейрек булут каптап, абанын жылуулугу +7…+9 градусту түзөт.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды

Редактор Султан Раев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG