Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

“Элим менен, элим үчүн жана президент Акаевди колдоо” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаевге каршы журналист Алишер Токсонбаевдин доо арызын кароону сот иши кийинкиге жылдырды


ОШ. Ош шаардык соту тарабынан 7-декабрга белгиленген сот процесси жоопкер Аманбай Сатыбаевдин Бишкек шаарына кетип калгандыгына байланыштуу ишти кароо ушул жылдын 20-декабрына жылдырылды. Эске сала кетүүчү жагдай, эркин журналист Алишер Токсонбаев 28-октябрь күнкү маалымат жыйынында жогоруда аталган коомдук фонддун төрагасы Аманбай Сатыбаев эл алдында кадыр-баркыма шек келтирди деп кылмыш жаза кодексинин 127- жана 128-беренелерине ылайык доо арызы менен шаардык сотко кайрылган. Кабарчы доо арызында президент Акаевди колдоо коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев маалымат жыйынында берилген суроого жооп берүүнүн ордуна чыккынчысың, батыштын акчасына иштеп жатасыңар деген сөздөрүн сот аркылуу далилдеп берүүсүн суранган. Ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Адыл Базарбаев Аманбай Сатыбаев экинчи ирет өз ыктыяры менен сот залына келбей турган болсо, кийинкисине күч колдонуу жолу менен алынып келе тургандыгын жарыя кылды. Доогер журналист Алишер Токсонбаевдин сөзүнө караганда, Аманбай Сатыбаев сотко чейин шаардан эч жака кетпөө жөнүндө кол коюп бергендигине карабастан баш коргоо чарасын бузуп кетип калган.

XS
SM
MD
LG